Бишкектеги соода борборлорунун биринде адам 10 миң сомдук азык-түлүктү уурдап кеткен
RU

Бишкектеги соода борборлорунун биринде адам 10 миң сомдук азык-түлүктү уурдап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ленин районунда 10 миң 455 сомдук азык-түлүк уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-сентябрда милицияга аял арыз менен кайрылып, 31-августта соода борборлорунун биринен белгисиз адам жалпы баасы 10 миң 455 сомдук азык-түлүктөрдү уурдап кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бир нече убакыттан кийин кылмышка шектүү кармалып, ал 1980-жылы туулган Б.М. кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган киши дагы ушул сыяктуу кылмыштарга шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14356