Садыр Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүн күтүүсүз текшерүүгө алды
RU

Садыр Жапаров Кой-Таштагы аскер бөлүгүн күтүүсүз текшерүүгө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин четиндеги №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүн күтүүсүз текшерди. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.

"Мамлекет башчы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошону менен бирге президент аскердик бөлүктүн аймагына курула турган бала бакчага бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү. Курулушту жакында баштоо пландалууда", - дейт Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14389