Депутаттар, экс-мэрлер, алардын фирмалары. Көмүрдү 3-5 эсе арзан экспорттогондор аныкталды
RU

Депутаттар, экс-мэрлер, алардын фирмалары. Көмүрдү 3-5 эсе арзан экспорттогондор аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК чиновниктер тарабынан ишкерлерге ар кандай түрдөгү көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схеманы аныктады. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.

УКМК тарабынан 336-берене ("Коррупция") менен козголгон кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкерлерге жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталган. Анын кесепетинен өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган.

11-сентябрда сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды жана активдүү ишкердиктин субъекттеринде тинтүү жүргүзүлгөн:

  • "Ак-Булак Көмүр" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган Х.А.Д.;
  • "Кен-Ордо" ЖЧКсы - 1974-жылы туулган Н.А.Б.;
  • "Нур" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-жылы туулган А.Р.Э.;
  • "Рио Групп" ЖЧКсы - 1964-жылы туулган А.И.Р.;
  • "Нуркен" ЖЧКсы – 1979-жылы туулган Ш.З.А.;
  • "Ахмад-Кен" ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган А.Б.А.;
  • "Ормон" ЖЧКсы – 1982-жылы туулган К.А.Т.;
  • "Кен-Сити" ЖЧКсы – 1989-жылы туулган А.А.Х.;
  • "Сары Челек Сүлүктү" ЖЧКсы – 1975-жылы туулган К.М.;

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгынан ишкердик субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, дүмүрчөктөр, камерадагы дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле "Кызыл-Кыя – автожол", "Кызыл-Кыя – темир жол" көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, "спорттук общактын" мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Такталгандай, экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкерлер мобилдик тиркеме аркылуу ортомчуларга 300 доллар которуп, андан кийин "ппорттук общактын" мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттоонун негизинде өлкөдө көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

  • Баткен бажысынын "Кызыл-Кыя-Авто жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;
  • Баткен бажысынын "Кызыл-Кыя" темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;
  • Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;
  • "Имамидинов Экспорт" ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;
  • "А.Б.Б." жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14399