Эң жогорку коопсуздук. "Альянс Алтын" Талас районунун экологиясына кандай кам көрүүдө?
"Альянс Алтын" ТЗРКнын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн жер үстүндөгү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында жер үстүндөгү булактардан суу алууну эсепке алууга үзгүлтүксүз контролдоо жүргүзүлөт.
Учурдагы мезгил үчүн сууну чогултуунун суммасы эсептелди, ал 5 млн 165 ми сомду түздү. Эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына макулдашуу үчүн жөнөтүлдү.
Мамлекеттик экологиялык экспертизанын төмөнкү маселелер боюнча корутундулары алынды: "Альянс Алтын" ЖЧКсынын Талас алтын кен комбинатынын экологиялык паспортун корректировкалоо" жана "Альянс Алтын" ЖЧКсынын Талас алтын кен комбинатынын калдыктарын түзүүнүн ченемдери жана аларды жайгаштырууга карата лимиттерин корректировкалоо жөнүндө" корутундулар алынды. Жогоруда аталган документтердин түп нускалары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлдү.
Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү карышкырга аңчылык жүргүзүүчү мергенчилерди ишке тартуу менен жырткычтарды санитардык атуу иштерин уюштуруу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алды. Кен казуу комплексинин аймагында карьердик саркынды сууларды жеринде тазалоочу жайды орнотуу үчүн геомембрананын орнотулушуна туруктуу контролдоо жүргүзүлүп турат.
ЗИФтин калдык сактоочу жайынын байкоо жүргүзүлүүчү скважиналарына контролдоо жүргүзүү графигине ылайык, калдык сактоочу чарбанын өкүлдөрү менен биргеликте биринчи жана экинчи баскычтагы скважиналарында суунун бар/жогуна карата пландуу текшерүү жүргүзүлдү. Скважиналарда суу жок. Таштандыларды эсепке алуу жана ТЗРКнын аймагынан калдыктарды ташып чыгуу, ошондой эле кен ташуу жолунда жана ТЗРКнын өндүрүштүк ишмердигинин башка участокторунда чаңды басуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын сапатына туруктуу негизде контролдоо жүргүзүлүп турат.