Надира Нарматова төрөткө күйөөлөрдүн өнөктөштүк кылуусуна тыюу салууну талап кылды. Видео
RU

Надира Нарматова төрөткө күйөөлөрдүн өнөктөштүк кылуусуна тыюу салууну талап кылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова өнөктөштүк төрөткө тыюу салууну талап кылды. Айтымында, төрөп жаткан аялдын үстүнө эркек кишини киргизбеш керек.

Эл өкүлү белгилегендей, учурда блогерлердин арасында төрөткө өнөктөштүк кылуу модага айланып кетти.

"Төрөй албай, толготуп жаткан аялга күйөөсүн киргизип коёсуңар. Эркек кишини төрөт жайына киргизбеш керек. Бул мусулманчылыкка да, христианчылыкка да туура келбейт. Ушунун айынан да кесарево көп болуп жатат", - деди Нарматова.

Жыйынга катышып жаткан саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өнөктөштүк төрөткө тыюу салынганын айтты.

"Биз аны жокко чыгардык. Азыркы кезде сиз айткандай, күйөөсү да кирбейт, эч ким кирбейт. Биз өнөктөштүк төрөткө тыюу салдык", - деди министр

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: iagorod.kz.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14414