Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барат. Ал бир катар иш-чараларга катышат
RU

Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко барат. Ал бир катар иш-чараларга катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко иш сапары менен барат. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Белгилүү болгондой, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чаралары 17-21-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтөт.

"18-сентябрда Садыр Жапаров БУУнун саммитинин ишине – Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат.

19-сентябрда өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президенттин Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар чет мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулары болот.

21-сентябрда Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес форумунда сөз сүйлөйт, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14430