Ошто үйүнүн жанында ойноп жаткан баланы айдоочу сүзүп кеткен
RU

Ошто үйүнүн жанында ойноп жаткан баланы айдоочу сүзүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында жол жээктен 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу табылды. Бул туралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Такталгандай, 17-сентябрда Жапалак айылында үйүнүн жанында ойноп жаткан 2014-жылы туулган баланы Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган. Издөө иш-чараларынын негизинде унаа табылып, айдоочу Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну экендиги аныкталган. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына жеткирилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14436