Ошто санитардык нормалар сакталбаган салондор, тиш дарылоочу борборлор аныкталды
RU

Ошто санитардык нормалар сакталбаган салондор, тиш дарылоочу борборлор аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлүүдө. Ош мэриясынан кабарлашкандай, жарандардын кайрылуусунан улам координациялык жумушчу топ текшерүү баштаган.

Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салон, 4 тиш дарылоочу борбор, 5 медициналык дарылоо бөлмөлөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Рейдге Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышты.

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14440