Бишкек жана Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлору 1-, 2-майда иштебейт
2211
Техникалык себептерден улам, айрым КТБлардын жакынкы күндөрдөгү иштөө графиги убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу Калкты каттоо мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-апрелинде техникалык себептерден улам,
- Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси 381 дарегиндеги 4-КТБ,
- Ош шаарындагы Ленин көчөсү 318 дарегиндеги 1- КТБ,
- "Азия-молл" соода көңүл ачуу борборундагы
- ТЭЦтин маңдайында жайгашкан "Глобус" гипер маркетиндеги кичи калкты тейлөө
1, 2-майда аталган даректердеги кичи КТБлери иштебейт. Алардын иши ушул жылдын 4-майында улантылат.
Маалымат үчүн: Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек жана Ош шаарларындагы эки калкты тейлөө борборунун ишин 22.00гө чейин узартуу боюнча пилоттук долбоорду
баштаган. Долбоор ушул жылдын 10-июлуна чейин жүргүзүлөт. Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкекте эки кичи КТБлери дем алыш күндөрү саат 10: 00дөн 19: 00гө чейин иштешет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1444