18 жаштагы футболчу Бекназ Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" менен келишим түздү
RU

18 жаштагы футболчу Бекназ Алмазбеков түркиялык "Галатасарай" менен келишим түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 18 жаштагы оюнчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" футболдук клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу футболчунун жакындары Kaktus.media сайтына билдиришти.

Алардын айтымында, башкы клуб менен келишимге кол коюу 15-сентябрда болгон. Келишим үч жылга түзүлгөн.

Белгилей кетсек, "Галатасарай" футболдук клубу өлкөнүн чемпионатында эң жогорку дивизион болгон Түркиянын Супер Лигасында ойнойт. Учурда клуб төрт оюндан кийинки жыйынтык боюнча чемпионатта экинчи орунда турат, ошондой эле 20-сентябрда баштала турган УЕФАнын Чемпиондор Лигасына катышат.

Эскерте кетсек, Бекназ Алмазбеков буга чейин "Галатарайдын" жаштар командасында ойноп, 2022-жылы 19 жаштан ашпаган оюнчулардан куралган "Галатасарай" U-19 жаштар командасынын курамында Түркиянын чемпиону болгон.

Ошондой эле 2022-жылдан бери Кыргызстандын курама командасында ойноп келет. Анын болжолдуу баасы Transfermarkt порталынын маалыматы боюнча 500 миң еврону түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14451