Президент Азия өнүктүрүү банкынын директоруна жолугуп, ири долбоорлорду каржылоого чакырды
RU

Президент Азия өнүктүрүү банкынын директоруна жолугуп, ири долбоорлорду каржылоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту. Бул туурасында президенттин администрациясынан кабарлашты.

Жолугушууда долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкы – Кыргызстандын көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча маанилүү долбоорлорун ишке ашырып жаткан ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Президент АӨБ менен көп тармакта динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташууга канааттануусун билдирип, бүгүнкү күндө банк расмий финансылык жардам көрсөтүү көлөмү жагынан эң ири тышкы донор болуп саналарын белгиледи.

Ошону менен бирге ал банкты "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун, транспорттук инфраструктура жана энергетика чөйрөсүндө келечектүү эки ири "жашыл" долбоорду каржылоого чакырды. Президент аталган банкка масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Вуучонг Ум Кыргызстан - банк үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, уюмдун масштабдуу стратегиялык долбоорлорун, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Ал өткөн жылдагы Кыргызстандын жакшы экономикалык көрсөткүчтөрүнө басым жасап, 7% га өскөндүгүн белгилеп, ошондой эле стратегиялык маанидеги ири долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн жана уюмдун аларга катышууга даярдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Белгилесек, Садыр Жапаров 18-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин ачылыш аземине катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарына барды. Анда өлкө башчы бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14455