Пригородный айыл өкмөтүн басып алган аялдар. Ызы-чуу бир эле кредиттин айынан чыгып жатат
RU

Пригородный айыл өкмөтүн басып алган аялдар. Ызы-чуу бир эле кредиттин айынан чыгып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттк банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева 15-апрелде Аламүдүн районунун Пригородный айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратын басып алуу окуясына комментарий берди.

Эске салсак, кредиттери менен көйгөйлөрү бар аялдар өздөрүн өрттөйбүз деп коркутуп, айыл өкмөтүнүн имаратын басып алышкан.

Бүгүн, 28-апрелде, Жогорку Кеңеште өткөн жыйында депутат Айнуру Алтыбаеванын суроосуна жооп берип жатып Тезекбаева басып алган аялдардын ичинен үчөөндө кредит боюнча эч кандай карызы жок экенин билдирди. Төртүнчү аялдын коммерциялык банкта кредити бар экен, бирок ал жерде да бардыгы нормалдуу. Анда банкка доосу жок.

"Болгон бир эле катышуучунун банк менен көйгөйлөрү бар экен. Бирок ал жерде бардык соттук инстанциялар өтүлгөн. Ошондуктан банк андан үйүн бошотуп берүүсүн талап кылып жатат", - деди Улуттук банктын төрагасынын орун басары.

"Ошондо, ызы-чууну бардыгы бир эле кредиттин айынан чыгып жатабы?" - деп Алтыбаева тактап сурады.

"Айыл өкмөтүн басып алган аялдар өздөрүн бүтүндөй Кыргызстандын калкынын атынан сүйлөп жаткан позицияда турушат", - деп Тезекбаева жооп берди.

Депутат, Улуттук Банк карыз алган аялга жардам бере алабы, деп сурады.

"Улуттук банк жардам бере албайт. Соттун чечими чыккан", - деп Тезекбаева белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1447