Артем Новиков: 1-июнга чейин азык-түлүктүн төрт түрүнө баа көтөрүлбөйт
RU

Артем Новиков: 1-июнга чейин азык-түлүктүн төрт түрүнө баа көтөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-июнга чейин азык-түлүк товарынын төрт түрүнө баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн жыйын учурунда биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Баасы көтөрүлбөй турган товарлар төмөнкүлөр:

  • күн карама майы
  • 1-сорттогу ун
  • кумшекер
  • 1 сорттон жасалган бөлкө нан

Кант кызылчасын тигүү 12 гектарга чейин кеңейтилди. Бул калктын керектөөсүн толугу менен жаппайт, бирок кийинки жылы кант кызылчасын айдоо аянты дагы 16-18 гектарга чейин өсөт.

Жакын арада аз камсыздуу үй бүлөлөр үчүн 10 миң тонна ундун келүүсү күтүлүүдө. Андан тышкары эки жумадан бери тоок жумурткаларына баанын турукташып, 97 сомдун тегерегинде болуп калганы байкалууда, деп Новиков кошумчалады.

"Азыркы экономикалык кырдаалда баалардын көтөрүлүшү адамдарга оор кесепетин тийгизип жатканын түшүнүп турабыз. Ошого карабастан турукташуу динамикасы байкалууда. Суу май жана шекер боюнча тобокелчиликтер болушу мүмкүн. Бирок бул боюнча да мамлетекет бааларды көзөмөлдөп турат", - деди премьер министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1448