Бишкекте кичинекей кызга ыдык көргөздү деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды
RU

Бишкекте кичинекей кызга ыдык көргөздү деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекке жакын Дачное айылында беш жашар кызга ыдык көргөздү деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына укук коргоо кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 18-сентябрь күнү кечинде Дачное айылындагы дүкөндүн жанынан жергиликтүү тургун 2018-жылы туулган жаш кызды ыдык көргөзгөн. Эркек кызга балмуздак алып берем деп убада берип, анан анын оозунан өөп баштаган.

Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Он алты жашка чыга элек балага сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жашы жете элек кызга психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалды. Ал 1987-жылы туулган Ысык-Ата районунун тургуну болуп чыкты. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү СИЗОго киргизилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: www.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14507