Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн үч түрү менен гана толук камсыздай алат. Алар кайсылар?
RU

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн үч түрү менен гана толук камсыздай алат. Алар кайсылар?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан өзүн азык-түлүктүн үч эле түрү менен толук камсыздай алат экен. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде, Жогорку кеңеште өткөн жыйында айыл-чарба маселелери боюнча премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, сүт азыктары, мөмө жана жер жемиштер, анан картошка - калктын ички керектөөсүн толук камсыздайт.

Эттин керектөөсүн 50%га, жумуртканы - 48%га, суу майды - 27%га өзүбүздү-өзүбүз камсыздайбыз, деп Мукашев кошумчалады.

Депутат Аалы Карашев бүтүндөй мамлекет өзүн үч эле азык менен камсыздай алат дегенине нааразы болду. Ошого карабастан республика өзүбүзгө жетишсиз болгон товарды чет өлкөгө экспорттойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1450