"Төшөктөн ырахат албай жатканымды күйөөмө айта албайм". Аймактагы айымдар саламаттыгы
RU

"Төшөктөн ырахат албай жатканымды күйөөмө айта албайм". Аймактагы айымдар саламаттыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сексуалдык ден соолук – бул адамдын жыныстык жашоосунун соматикалык, эмоционалдык, интеллектуалдык жана социалдык аспектилеринин комплекси, ал адамды позитивдүү байытат, адамдын баарлашуу жөндөмүн жана сүйүү жөндөмүн жогорулатат. Бул тууралуу дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму айтып келет.

Сексуалдык ден соолук репродуктивдүү функциялардын ийгилиги менен, үй-бүлөлүк бакубаттуулук менен тыгыз байланышта. Ал инсандын калыптанышына, социалдык процесстерге өзгөчө таасирин тийгизээри адистер белгилешүүдө.

Бул тема кыргыз коомчулугунда дээрлик талкууланбайт. "Жыныстык катнаш маселеси" - "уят" деп эсептелет. Мындан улам, эркек менен аялдын ортосундагы төшөк көйгөйү козголбой, көпчүлүк учурда айымдар жолдошторуна айткандан тартынышат. Kaktus.kg редакциясы бул көйгөйдү Жалал-Абад облусундагы айымдардын милсалдары менен айтып берет.

Аялдар жолдошторуна төшөктөгү маселесин айта албайт

Жыныстык катнаш – бул жөн гана бала жасоо эмес, бул өнөктөштөрдүн өз ара ырахат алуу процесси. Бул - үй-бүлөө бекемдиги жана бири-бирин сезип, уга билүү, түшүнүшүү. Бирок, интимдик жашоо дайыма эле аялдарга ырахат алып келе бербейт жана бул тууралуу көп аял үн катпайт. Атын атагысы келбеген Жалал-Абад облусунун тургуну бул маселени жолдошуна ачык айта албай келет.

"Менин беш балам бар. Бешөөнү тең катар төрөгөнмүн. Биринчисин төрөгөндөн кийин эле кайра боюмда бүтүп калып жатты. Түйшүк, балдар менен эле колум бошобой бара-бара жыныстык мамилеге көңүл деле бурбай калдым.

Улам төрөй берип, улам таксикоз болгонго күйөөм экөөбүздүн арабыз сууй түшкөнүн байкадым".

"Жыныстык катнашта алган сезимдер бирдей го деп ойлоп жүргөм"

Ал 5 баласын төрөгүчө бардык эле аялдардын жыныстык катнашта алган сезимдери бирдей го деп ойлоп жүргөн. Кийин маселесин жакындарына айтып жатып, андай эмес экенин түшүнгөн. Каарман бул теманы ачык жолдошу менен сүйлөшкүсү келет. Бирок, азыркыга чейин күйөөсү туура эмес түшүнөт деп коркот. Анын күйөөсү да бул маселени козгобойт. Себеби, ал аялынын оюу менен эсептештпейт.

"Менин бешинчи балам чоңоюп калганда кыздардын сүйлөшкөнүн көрүп, досторума ачылып айтып, ошондо кумар кануунун сезимдери башка болоорун түшүндүм.

Жолдошум "кимге салыштырып жатасың деп урушат" деп корком

Бизге андай сүйлөшкөнгө жол жок. Уят деп ойлойм. "Оргазм" деп ачык айтканга оозум барбайт. Башында бардык эле адамдар ушинтип жашайт деп ойлочумун да. Кийин мен бул маселеге олуттуу карай баштадым. Батынып, жолдошума адистерге чоогу барып келели деп айттым. Бирок, укпайт да. Азыр көп ойлоном. Ал сезимдерди мен дагы сезип көргүм келет. Бирок, батынып, кимден сурашты билбей жүрөм", - дейт каарман.

Төшөк маселесинен улам ажырашып кеткендер дагы бар

Төшөк маселесинен улам эки жолго түшүп, ажырашып кеткен үй-бүлөлөр да аз эмес. Кезектеги Жалал-Абад облусунун тургуну аялынын оюн убагында укпай, маселени убагында чече албай калганына өкүнөт.

"Кинолорду көргөнбү же эмнени көргөнүн билбейм. Муну кылалы, тигини кылалы деген талаптарын баштады. Жаш үй-бүлө болсок, ата-эне менен турсак кандай дегендейчи? Укса уят деп түшүнбөдүм да же ал мени түшүнбөдүбү, билбейм.

Баягы "ролевае игры" дейби? Ошолорду айтат. Анан, айттым: "бизге мындай туура келбейт" деп. Сүйлөшүп жүргөндө билген эмесмин мындай экенин. Жакшынакай эле жашап жүргөнбүз. Азыр аны айткандан да уяласың.

Аял төшөк көйгөйүн айтса жолдошу "башканы таап алды" деп ойлойт

Бир күнү "Камасутра" деген нерсени айтып калды. Ошондо "эй, сен буларды каяктан билип жүрөсүң?!" дедим. Ал мага интернеттен көргөнүн айтты. Эми биз деле, ал деле төрөлдү. Биздин балдарыбыз деле жарыкка келди го интернети жок эле.

Балалуу болгондон кийин мени жаман көрүп баштаганын байкадым. Ошондо аялым башка бирөөнү таап алды деген ой келди. Эмне болду десем баары жакшы деп коет.

Ал эркек үй-бүлөнү багып, камсыздап, балдар төрөлүп жатса – маселе жок деп эсептечү.

"Мен эми ойлонгон эмесмин төшөк маселесинен ажырашып кетебиз деп. Эми жыныстык катнаш эркек каалаганда болот да. Эми болбогон эле "төшөк" үчүн ызы-чуу чыгарып баштады.", - деп кейиди кезектеги каарман.

Айымдардын "төшөктөгү көйгөйлөрү" менен иштеше турчу адистер жок

Бул маселе менен иштеше турчу адистер аймактарда эле эмес, жалпы республикада дээрлик жок. Мындан улам, төшөк маселесинин маанилүүлүгүн жана аялдардын көйгөйүн түшүнгөн ыктыярчылар өзүлөрү атайын окуулардан өтүп, аймактардагы айымдарга жардам берүүгө аракет кылып келишет. Аларды бири Чолпон айым.

Аялдар эмоцианы билдире алышпайт

"5-6 баланы төрөп жаткан аял "оргазм" эмне экенин деле унутуп калат. Ал төшөктө жолдошу менен жыныстык катнашта болгон сезимдерден алыстап калат. Аял киши көйгөйүн ачык айтпаса жашоо кадимкидей эле өтө берет. Себеби биз бири-бирибиз менен сүйлөшүштөн уялабыз. Себеби, мен жолдошумдун "ошол жагы начар" деп айтып койсом - ал намыстанат да.

Сүйүү эртең менен башталат. Мойнуңдан өөп же кичине кучактап же болбосо эшикке чыгып бара жатып "даярданып тур" деп коюштун өзү эле адамды жакындатат. Сүрөт жиберип же кат жазышкандан башталат.

Аял кишини ээритиш эркектерге караганда кыйыныраак

Аял киши даярданыш керек. Жакшынакай кийимин кийиши керек. Бары эмоциадан башталат. Мениче, эмоциадан көп нерсе көз каранды. Аялдар өзү каалаган эмоцианы ала албаганы үчүн ушундай көйгөйлөр жаралат деп ойлойм.

"Биз уялабыз. Кичинебизден бизди: "айтпа", "дебе", "унчукпа" деп үйрөтүп салышкан. Керек болсо биз - айымдар "прокладканы" бекитебиз. Биздин ич кийимдин жайылып турганын башкалар көрүп калбасын дейбиз. Биз эркек ал нерселерди билбейт деп ойлойбуз. Негизи эркек деле энеден төрөлгөн го. Ал баарын эле билет. Жашырып кереги жок", - дейт Чолпон айым.

Каарман эркек айым менен сырдашып, балдык көйгөйүн угуп, сезе билиши керек деп эсептейт. Ал ага түрдүү төшөк көйгөйү менен айымдар кайрылаарын айтты.

"Менин бир таанышым бар. Ал жолдошу менен 15 жылдан бери жашайт. Ал бир да жолу "оргазм" эмне экенин билип көргөн эмес. Сурасак, "эми, бир нерсе сезем ошол оргазм болушу керек" дейт. Бирок "оргазмды" билбей калыш мүмкүн эмес. Ал нерсе болгондо сен билесиң. Башкача айым болуп ачыласың. Биз айтып, жардам бергенге аракет кылабыз. Бирок, кеп козгосок эле качып баштайт. Уккусу жок. Күйөөм менен керексиз урушту каалабайм. Мен ушинтип эле жүрө берем дейт", - Чолпон айым.

Каарман ата-энелер да кыз кичинекей кезинен түшүндүрүп, эч нерсени айтып бербейт дейт. Ага да эч ким айтып берген эмес. Ал окуп, изденүүнү аркасынан үйрөндүм деп ойлойт.

Айымдар өз денесин билип-үйрөнүш керек

Бул себептерден улам Чолпон айым бий студиясын ачкан. Ал жерден айымдар өзүлөрүнүн денесин билип-үйрөнүп, жолдошу менен болгон жыныстык маселесин чечүүгө аракет кылып жатышат дейт ал.

"Биринчи келген аял өзүн-өзү күзгүдөн карай албайт. Ал мен үчүн болбосо керек деп эсептейт. Мен жолдошума айтпай келем дешет. Келгенде өзүңүздү өзүңүз катуу кармаңыз деп айтам айымдарга. Себеби, ал бардык денесин катуу кармап көрбөсө - ал канчалык өзүнө катуу деңгээл жагаарын билбейт. Чачын сылап, кулагын кармап көрүшөт. Себеби, бардык жерде чекиттер болот.

Башында уялып жатып, 10-жолу катышканда ал аялдарды тааныбай калам. Алар ачылган, башкача кийим кийип, каранып, өзүн сүйүп калган болот. Өзүнө ишеним пайда болот. Айрымдары күйөөлөрүнө айтып, жарым жылга акчасын күйөөм берди деп сүйүнүп келишет.

Көчөөдө жүргөндө ар ким өзүн кандай алып жүрүштү өзү билет. Бирок, үйдө жолдошуң менен калганда ага сырыңды айтып, ачык сүйлөшүү болгондо гана жуптардын ортосунда гармония болот", - дейт ал.

Жалал-Абад облусунда мындай көйгөйлөр абдан көп кездешет. Аталган облустун Репродукция борбору дал ушундай көйгөйлөр менен иш алып барат. Анын жетекчиси Гүлзат Нурумбетова айымдар төшөк маселесиндеги көйгөйдү айткандын өзүнөн уялышат дейт.

Биздин айымдар "оргазм" деген сөздүн өзүн айткандан уялат

"Бизде өзү айымдар "оргазм" деген сөздүн өзүнөн уялат. Уялып жатып айтат. Жыныстык көйгөйлөр өтө чоң. Мисалы, бизге кайрылган айымдардын 60 пайыздан ашыгы ачык айта албайт. Сурап келсең ошол 60 пайыз айымда тең жолдошу менен болгон төшөк маселесинде көйгөйлөр бар. Сурап келсең өмүрү оргазм алып көрбөгөн", - дейт адис.

Сексоптологдор жок

Гүлзат Нурумбетова Жалал-Абадда эле эмес, республика боюнча саналуу гана сексопотологдор бар экенин айтып, адистер жок үчүн өзү иштеген борбордун кызматкерлери борборго кайрылган айымдардан өзүлөрү көйгөйлөрүн сурап, алгачкы кеңештерди берип жатканын айтты.

"Маселен, Европада адамдардын укугу аябай корголот. Ал жакта ар бир айымга сексопотологго акысыз көрүнүү үчүн атайын камсыздандыруу берилет. Жылына алар үч жолу ошол камсыздандыруу менен көрүнсө болот.

А бизде жылына бир эмес, өмүрүндө бир да жолу тиешелүү адиске көрүнбөгөндөр толтура. Маселен: эркектер сексуалдык жактан канааттанбаса сол жакка барышат, экинчи аял алышат. Ал эми биздин айымдар ыйлап эле, өз көйгөйү өзүндө калып кетет. Бул өтө чоң маселе", - деди дарыгер.

Аял-эркектин ортосунда диалог жок. Ошондуктан аялдардын оргазм албаганы - потология болуп саналат

Гүлзат айым айтып жаткан стресс чындыгында эле аял-эркек мамилесине кедергиси тийгизүүдө. Репродуктивдүү ден соолук боюнча бейөкмөт уюмдар альянсынын жетекчиси Галина Чиркина кыргыз коомчулугу төшөк мамилесин – жашоо образы катары эмес, уят, керек болсо балдарды жасоону – жаза катары кабылдашаарын айтты.

"Биз бул тууралуу сүйлөшпөйбүз: жыныстык катнаш бар, бирок биз бул тууралуу үн катпайбыз. Себеби, биз ал нерсени таза эмес жашоо образы катары кабыл алабыз. Мындан улам, диалог жок. Маселен: биз тамак тууралуу сүйлөшөбүз. Кандай тамак жагат айтабыз. Дарыгер кандай дары жазып бергенин айтабыз. Же болбосо дасторконду кандай кылып даярдагыбыз келет? Анын барын айтабыз да. Жыныстык канташ боюнча деле ошол. Жуптар бул боюнча диалог куруп, сүйлөшүшү керек. Анткени, ар бир адамдын өзүнүн физиологиясы болот. Ошондуктан, бирине жаккан поза экинчиге жакпашы мүмкүн. Жакпаган нерсени сүйлөшүү керек.

А бирок, бизде бул жабык тема болуп келет. Дал ошол себептен аял-эркек бул теманы козгошпойт. Козголгон күндө деле бул теманы эркектер көтөрөт. Анткени, эркектерге "болот" деген нерсе калыптанып калган: үйлөнгөнгө чейин жыныстык катнашка барганга, жубун алмаштырганга. Биз керек болсо никеге чейин эркектин тажрыйбасы болушу керек деп милдет жүктөп койгонбуз.

Жыныстык катнаш – балдарды жасоо ыкмасы катары эле колдонулуп калган

"Аялдар дайыма унчукпай келишет. Алардын арасында өмүр бою унчукпагандар да бар. Көпчүлүккө бул жыныстык катнаш – балдарды жасоо ыкмасы катары эле колдонулуп калган. Көбүнчө жуптар өзүлөрүнүн репродуктивдүү ден-соолугуна кам көрүп, аны жакшыртуу, аял-эркектин арасындагы мамилени жакындатууну ойлонушпайт. Бул негизинен - потология болуп саналат. Сексологдордун тили менен айта турган болсок – жыныстык катнашта оргазмдын жоктугу – оору болуп саналат. Бул учурда адистерге кайрылып, көйгөйдү чечүүгө аракет кылуу керек.

Эксперт, ар бир аял туура тамактануу же спорт менен машыккандан ырахат алгандай эле – жыныстык жашоо да ошондой ырахат таруулаш керек деп эсептейт. Ал үчүн талдоочу ата-эне жаштайынан балдарына түшүндүрүп, бул теманы – аялдардын репродуктивдүү саламаттыгы үчүн коом – туура кабыл алганды үйрөнүш керек деп билет.

"Бирок, бул маселенин чечүү жолу бар.

Эгер бул маселеге глобалдуу карай турган болсок: жыныстык катнашта жуптар ырахат албагандыктан коомдо зордуктоо, зордук-комбулук, ажырашуу көбөйүп бара жатат. Бул зордук-зомбулук, ыдык көргөзүү аялдарга карата эле эмес, балдарга карата дагы болуп жатат. Бул бул теманы жабык кармаганыбыз үчүн коомдо кейиштүү жагдайлар орун алууда.

Мен дайыма айтам: жыныктык билим керек. Мектепте ал тема үйдө ата-эне менен баланын ортосунда козголгондо айтылат. Мисалы: мектептерге быйыл дин таануу сабагын киргизишти. Демек, коом бул теманы балдар диндин түм тамырын билип, туура тандоону өзүлөрү жасашы үчүн керек экенин түшүндү. Жыныстык билим деге ошондой болуп, ата-эне балдарга туура түшүндүрүшү зарыл. Билим керек".

Жыныстык жашоо тууралуу туура билим берүү керек

Бул маселенин негизги себептери: коом - жыныстык жашоону кир дүйнө катары кабыл алат же бала жасоо жолу деп гана билет. Аялдар күйөөлөрүнө каалоо, көйгөйлөрүн айтпагандыктан – ажырашуу, түшүнбөөчүлүк.

"Албетте, бул ажырашууга алып келүүдө. Коомду тарбиялоо, агартуу, тушүндүрүү иштери жокко эсе. Талдоочулар төшөк маселесиндеги көйгөйү бар айымдарды эле эмес, ата-эне, баладан тартып, гинеколог-дарыгерлерге чейин бул нерсе "уят" эмес экенин аң-сезимине жеткирбесе – үй-бүлөө институтуна дагы көпкө кедергисин тийгизүүдө", - деп талдоочулар коңгуроо кагып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14540