"Кандай өлсөм жеңил болот деп ойлонуп калгам". Төрөттөн кийин депрессияга кабылган айымдар
RU

"Кандай өлсөм жеңил болот деп ойлонуп калгам". Төрөттөн кийин депрессияга кабылган айымдар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аялдар кош бойлуу кезинде жана төрөттөн кийин физиологиялык эле эмес психологиялык жактан да жабыркаган учурлар көп кездешет. Соңку жылдары өз жанын кыйган жаш энелер катталууда. Аялдардын төрөттөн кийинки депрессиясы кыргыз коомунда көп талкууланбайт. Адистер көз жарган келиндердин 80% төрөттөн кийин депрессияга учурай турганын айтышат. Kaktus.kg редакциясы бул айымдардын көйгөйүн Талас облусунун мисалында көргөзүп берет.

Айымдардын 80 пайызы депрессияны өзү жеңсе, 20 пайызы менен психологдор иштешиши керек. Ал эми 10 пайызы менен терең иштешүүгө туура келет.

Талас облусунда айымдар менен иш алып бара турчу психолог жок

Талас облусунда төрөттөн кийинки депрессияга кабылган айымдар менен иштеше турчу бир дагы психолог жок. Ал жумуштардын бардыгы Талас облустук үй-бүлөлүк медицина кызматкерлерине жүктөлгөн. Алар депрессияга кабылган айымдарды атайын каттоого алып, айымдар менен иштешип турушат.

Талас облустук үй-бүлөлүк медицина кызматкерлеринин бири Асылгүл Түлөбердиева. Ал 22 жылдан бери бул жерде эмгектенет. Талас облусунда психологдор жок болгондуктан, жаңы төрөгөн келиндердин абалын көзөмөлгө алып турат. Ооруканага кайрылган бейтаптардан тышкары үйлөрүнө барып, кыдырат.

"Болжолдуу айына 2-3 айымды карап турабыз. Көп деле болбойт бирок депрессиядагы айымдар бар.

Ар бир участокко бирден мед айым бекиген. Бирок, кызматкерлер жетишсиз болгону үчүн азыр мен жалгыз иштеп жатам", - дейт ал.

Үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери психологдун да кызматын аткарышат

Асылгүл айым сындуу мед кызматкерлерге Бишкектен психологдор базалык окутууларды жүргүзүшкөн. Ошол билим менен Талас облусундагы бардык жарандарды, анын ичинен жаңы төрөгөн айымдарды убак-убагы менен текшерип, абалы менен таанышып, сүйлөшүп турушат.

"Бизде психиатр, психолог деген дарыгерлер аз болуп жатат. Ошондуктан бизге дагы жүктөлүп калган. Бул жумушта көбүнчө алядардын төрөттөн кийинки депрессиялары көп болот. Депрессияда аял өзүн деле билбей калат.

Көңүлү чөгүп, өзүнө жана баласына жакшы көңүл бурбай калат

Ошол учурда биз ал аялды алты айга каттоого алып, улам-улам карап турабыз. Бизде атайын долбоор бар. Ошо менен иштеп жатабыз. Психиатрлар бизге ошондой жеңил белгилердеги депрессиялык абалдардагы айымдарды карасын деп бөлүп окутуп берген.

Адегенде айымдар баласын карагылары келбей калат. Ошол учурда биз үйлөрүнө барып, өзү менен, жакындары менен, жолдошу менен сүйлөшөбүз", - дейт дарыгер.

Төрөттөн кийинки депрессияга кабылган айымдар көп

Адистердин айтымында төрөттөн кийинки депрессияга кабылган айымдар көп. Бирок, өзүлөрү да, жакындары да анын белгилерин байкабай, билинбей эле өтүп кеткен учурлар да арбын кездешет. Талас облустук музыкалык драма театрынын иштеген актриса Анара Айталиева да 3ү баласын төрөгөн учурда өзүнөн депрессиянын белгилери болсо да байкабай жүргөнүн айтты.

"Төрөгөндөн кийин көп убакытка денем калтырап, аябай кыйналдым. Негизи, бала төрөлгөндөн кийин эле кыйналганыңды унутуп каласың дейт го. Менде андай болгон жок. Кийинки төрөп келгендердин ыйлап жатканын көрүп эле улам ыйлай бердим алар менен чоогу. Ооруканадан чыгып, үйгө келгенде деле ыйлай бердим.

Үйдөн деле толготуп жаткан учурумду эстеп, эсимден кетпей койду. Аны эстеп эле ыйлай бердим. Ал ыйлаганым кийин мага коркунуч болуп калды. Бир жолу баламдын бетине жалаяк тийип калыптыр, чочуп эле "балам дем ала албай өлүп калмак турбайбы" деп ыйладым.

Ички дүйнөң тынч эмес болсо - сырткы дүйнөнүн кызыгы жок болуп калат экен

Анара Айталиева жакын таанышына айтып бергенден кийин гана депрессияга түшүп кеткенин билген.

"Тааныш дарыгер эжем бар. Ал үйгө келип калганынан бир нерсе болуп жатканымды айттым. Түшүндүрүп берсем эле "депрессияга түшүп кеткен турбайсыңбы" деди.

Мен буга чейин төрөгөндөн кийин аялдар депрессия болоорун укчумун. Бирок, маани берчү эмес экенмин. Ал кандай болоорун ошол дарыгер таанышым түшүндүрүп берип, "элге аралаш, сүйлөш, алаксы" деди.

Ошондон баштап алаксып, конокко баарын чакыра бердим. "Келип, мени менен жөн эле сүйлөшүп кетип тургулчы" деп. Күн ысып жатса эшикке баламды көтөрүп алып чыгам. Анда дагы жылыш болбой, балам кичинекей болгонуна карабай жумушка чыгып алдым. Ошол жумушка алаксып анан депрессиядан арылып калганда күтүүсүздөн дагы боюмда болуп, беш айлык болуп калыптыр. Аны укканда баягы кыйналып төрөгөнүмдү эстеп корко баштадым. Ошондо адистерге кайрылып, дарысын ичип, алаксыганга аракет кылып жатып өзүмө келдим. Бирок, төртүнчү баламды жакшы эле төрөп, депрессия болгонум жок", - деп окуясын айтып берди актриса.

Айымдар менен чоогу эркектер да депрессияга кабылат

Кезектеги атын атагысы келбеген каарманыбыз өзүнөн депрессиянын белгилерип байкап, бирок, адистерге кайрылбай эле айылдагы түйшүк менен алаксып жатып эле жакшы болуп кеткен. Ал аны менен бирге жолдошу да депрессия болгонун айтып берди.

"Мен үчүнчү кызымды төрөгөндө депрессиянын белгилер байкадым. Ага чейинкилерине кайын энем, кайын синдим каралашып билинбептир. Бары бир үй-бүлөгө баш кошулуп жатат да. "Кантип чонойтом, иштеген жумушум жок" деген ойлор мазалай баштады.

Жолдошум менен көп сүйлөшкүм келбейт. Ыйлайм.Өзүм-өзүмө жакпайм. Күйөөм менен урушам.

Бирок, үч бала менен жолдошум экөөбүз эле болгондуктан үй-тиричилик менен эле жүрүп депрессиядан кантип чыкканымды билбей калдым. Азыр, убакыт өттү да, балам бир аз чоңойду. Жолдошум менен ошол убактарды сүйлөшсөм - көрсө, ал деле депрессия болуптур да. Көрсө, бала төрөлгөнү эркектер деле депрессия болот экен да", - деди ал.

Аймактардагы жарандар психологго кайрылуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур

Аймактарда психологдор дээрлик жок. Мындан улам, психологиялык жардам же жөн гана кеңеш алуу үчүн төрөттөн кийин деппрессияга кабылган айымдар эле эмес, ар бир жаран Бишкек шаарына келүүгө мажбур. Кезектеги каарманыбыз өзүнөн депрессиянын белгилерин байкабай жүрө берип, дос кызы аркылуу психотерапевтке кайрылууга туура келгенин айтып берди. Анткени, психологдор каармандын абалын көргөндө эле "абалы оорлоп кеткенин жана психотерапевт жардамга келиши керектинин" айтышкан.

"Ар кандай ойлор келе баштады. Аягында "кантип оңой, кыйналбай өлсөм болот?" деген суроолорду өзүмө берип, ошолорду гана ойлонуп калдым. Үйдөгүлөр менен сүйлөшкүм келбейт. Жолдошум жумушта эртеден-кечке.

Бир күнү дос кызым менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, башкача болуп жүргөнүмдү айттым. Ал ошол замат дарыгерге барып келели деди. Таласта психологдор жок, айла жок Бишкекке келдим. Бул жерден адистерге барсам "абалыңыз аябай оорлоп бара жатыптыр, психотерапевтке кайрылыңыз тезинен" дешти.

Ошол замат психотерапевтке кайрылып, учурда керектүү дарылануудан өтүп жатам. Абалым бир топ жакшырды. Муну эч кимге айткым келчу эмес башында. Азыр башкаларга сабак болсун деп айтып жатам силерге. Анткени, жакындарым, жолдошум билээр замат колдоп, жардам берип, түшүнүү менен мамиле кылышты", - деди каарман.

Депрессия - Баш мыйзам менен кепилдегенген сырдуу тема. Статистика же башка ага байланыш маалыматты ачыктоого болбойт. Бул бейтаптардын абалын оорлотуп коюшу мүмкүн.

Айымдардын депрессиясы, дегеле бул ооруга кабылган жарандар өзүлөрүндө өзгөрүүлөр болуп жатканын байкабашы мүмкүн. Коом, өзгөчө анын жакындары түшүнүү менен кабыл алып, колдоо көргөзүү эң биринчи аларга болгон жардам. Адистердин жетиштүү же жетишсиз, же депрессияга кабылган жарандар көп дегенибиз менен бул тема өтө татылуу.

Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да бул тема жабык болуп саналат.

Анын абалы менен адистер ачык тааныштырууга же жарыялоого укугу жок. Бул Баш мыйзам менен сыр болот деп кепилденген чечим. Мындан улам, депрессиянын белгилерин байкаган жакындарыңызга колдоо гана көргөзүп, адистерге баруу туура чечим экенине ишендирүү – коомдун жана сиздин эң биринчи жардамы экенин унутпаңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14542