Кызматка кирүү үчүн 5 миң доллар берген жаран алданып калганын айтып, милицияга кайрылган
RU

Кызматка кирүү үчүн 5 миң доллар берген жаран алданып калганын айтып, милицияга кайрылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте алдамчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Алар таанышын мамлекеттик кызматка орноштуруу үчүн 5 миң доллар алган деп айтылат Октябрь РИИБдин маалыматында.

Белгилүү болгондой, 3-августта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Б.Ж. аттуу жаран кайрылган. Айтымында, Э.Н. жана Ж. аттуу чала тааныштары 2022-жылдын май айында Көк-Жар конушунда ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен мамлекеттик кызматка ишке киргизебиз деген шылтоо менен 5 миң доллар акча каражатын ээлеп алган. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен.

Аталган факты боюнча 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1955-жылы туулган Т.А. аттуу жаран жана 1974-жылы туулган Д.Б. аттуу жаран кармалды. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.

Милиция шектүүлөрдүн аракеттеринен жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандардан кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номери: 0(703) 333 201 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14565