"Өрүктүн баасы арзандады". Чек арадагы Арка айылынын соодагерлери кантип күн көрүп жатат?
RU

"Өрүктүн баасы арзандады". Чек арадагы Арка айылынын соодагерлери кантип күн көрүп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түстүү, жандуу жана өзгөчө. Жолугушуу жана кабар алмашуу үчүн жер. Азиядагы базарлар сооданын гана эмес, бардык тиричиликтин борбору. Акыркы убакка чейин Арка айылындагы базар дал ушундай болуп келген. Базар күндөрү бул жерден өтүүгө мүмкүн эмес болчу. Өрүк - бул жердин негизги баалуулугу, тонналап сатылчу.

2021-жылы баары өзгөрдү. Сатып алуучулар азыраак. Соодагерлер да кетип калышты. Негизи Арка айылы Кыргызстан менен Тажикистандын так чек арасында жайгашкан. Айылдын жанынан Ходжент-Канибадам жолу өтөт, бул дайыма сооданын өнүгүшүнө өбөлгө болуп келген. Азыр чек аралар жабылды, чакан айыл өлбөстүн күнүн көрүп жатат.

Жок. Айыл эли дагы деле эгин айдап, мал багып келет. Бирок аны сатып алган дээрлик эч ким жок.

Жергиликтүү тургундар Баткенден кетүүгө аргасыз

"Чек аралар жабылганга чейин базардын көрүнүшү башкача болчу. Сатуу жакшы, кардарлар көп эле. Азыр жергиликтүү тургундар башка жерлерге көчүп кетишкен. Айрымдары Ош, Жалал-Абадга, кээ бири Бишкекке, башкалары иштегени кетип калышты. Мунун баары чек арадагы чыр-чатакка байланыштуу, көбү бул жерде калуудан коркушат", - дейт Сабириниса Маматкулова.

Маматкулова айылдан да, базардан да кетүүнү каалаган эмес. Анын айтымында, туугандарынын баары Баткен облусунда жашашат, бара турган башка жери жок.

"Мен эмнеге кетишим керек? Мындай жерден ким кеткиси келет? Абасы таза, баары өзүбүздүкү. Мен айылымдан кетүүнү эч качан ойлогон эмесмин. Бул жерде өзүбүздү жакшы сезип жатабыз. Чек ара маселесин чечишсин, анан жакшы болуп калат. Биз да тынчтыкта ​​жашагыбыз келет. Ар бир намазда ушуну сурайбыз. Тынч жашоодон артык эмне бар?" – дейт Сабириниса.

Санабар Каримова көп жылдар бою базарда соода кылган. 2022-жылдын сентябрында болгон жаңжалдан кийин базарга чыкпай калган. Анын айтымында, сатуу азайып, соода кылуунун эч кандай пайдасы жок.

"Быйыл түшүм жакшы, айыл тургундары өрүктү сатып, азык-түлүк алам деген үмүт менен алып келип жатышат. Быйыл өрүктүн баасы мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ арзан. Эл аргасыздан арзан баада берип, же кайра алып кетүүдө. Бул кошумча транспорттук чыгымдар ", - деп белгилейт ал.

Баткендиктер өздөрү жашаган аймакты - өрүктүн мекени деп аташат. Баткен өрүгү эчак эле аймактан алыскы аймактарга таанымал брендге айланган. Ал эми аны сатуу жергиликтүү тургундардын негизги киреше булактарынын бири. Учурда Баткен облусунда 7 миң гектардан ашык жерге өрүк эгилген. Түшүмдүн бир бөлүгү ошол бойдон сатылса, негизги бөлүгү табигый түрдө кургатылат. Баткенде жыл сайын 20 миң тоннадан ашык кургатылган жемиш өндүрүлөт. Кеминде 70 пайызын тажикистандыктар сатып алышчу. Азыр чек аралар жабык.

Санабар Каримова журналисттер менен базар аралап жүрүп, өрүктүн түрдүү сортторун көрсөтүп, алардын баасын соодагерлерден тактап жатат:

- Канча турат?

- Алгыла, арзан! 110 сом.

- Мурда мындай өрүктүн килограммы 350 сомдон сатылса, азыр 110-115 сомдон сатылууда. Бул өрүк дымдалган, ал эми бул табигый жол менен кургатылган.

Бизнес чектөөнү жактырбайт

Баткен облусундагы чек аралардын жабылышынын өрүк соодасына тийгизген терс таасирин Кыргызстандын базарлар Ассоциациясынын президенти, экономист Сергей Пономарев да ырастайт.

"Баткенде чек аралар ачылып, тажикистандык сатып алуучулар келип турган учурда башкача болчу. Албетте, азыр чек аралар жабык. Тажикистандан сатып алуучулар келбей калганда баа өзгөрдү, суроо-талап менен сунуштун катышы бааны аныктайт.

Кийинки критерий - базардын дарамети, бул аймакта жашаган адамдардын кирешеси кандай, орточо айлык акылары жана товарларды же кызматтарды сатып алууга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар.

Экономисттин айтмында дагы бир негизги маселе - базардын кубаттуулугу. Белгилүү окуялардан кийин тажикистандыктар базарга келүүнү токтотуп, айрым жергиликтүү тургундар Баткенден кетип калышты. Ошондой эле, мурда Кыргызстандын чек арага жакын айылдарындагы базарлар географиялык жактан ыңгайлуу жерде болсо, бүгүнкү күндө бүдөмүккө кептелип турат. Базар кубаттуулугу (рынок потенциалы) кыскарды, анткени киреше бөлүгү күтүлгөндөй жогору эмес. Бул сооданын төмөндөшүнө негизги критерий. Мындан башка дагы көмөкчү критерийлер көп", - дейт Пономарев.

Анын айтымында, 2010-жылы төңкөрүштөн кийин өлкө боюнча ушундай эле кырдаал болгон жана ошол кездегидей чек аралар ачылмайынча эч нерсе өзгөргөн эмес.

"2010-жылдын 7-апрелинен 20-майына чейин Казакстан менен чек аралар кантип жабылганын эстесек жетиштүү. Ошондо бардык бизнес токтоп турган. Мындан тышкары саясий кырдаал да таасир этет. 2010-жылы инвесторлор Кыргызстанга баргысы келген жок. Анткени алар массалык маалымат каражаттарынан бизде митингдер болуп жатканын көрүштү. Бизнес тынчтыкты жакшы көрөт жана чек араны жактырбайт", - деди ал.

Пономарев чек ара маселелери чечилгенден кийин аймактагы соода жакшырат деп эсептейт.

Келечектин жоктугу

Тургундар чек ара айылдарынан башка шаарларга жана айылдарга кетип жатышат. Чыр-чатактын кайталануусу жана базардагы соода көлөмүнүн кескин төмөндөшү - жергиликтүү тургундарды башка жактарга кетүүгө аргасыз кылууда. Алар чек ара маселелерин чечүү гана маселени чеч алат деп эсептешет. Азырынча суроо ачык бойдон калууда, үй-бүлөлөр бир нече шаарларда жана айылдарда "барып-келип" жашашат. Мындай үй-бүлөлөрдүн бири Мавлюда Эгембердиеванын үй-бүлөсү.

"Улуу балдарымды Бишкекке жөнөттүм, анткени бул жерде жашоо коркунучтуу, ошондой эле аларга жумуш жок. Үйдө кичүү балдар гана калышты, алар дагы эле мектепте окушат. Биздин айылда жаштардын дээрлик баары жумушсуздуктун айынан кетип калышты, карылар гана калды", - дейт Эгембердиева.

Биз бул жерде бир гана Кудайга таянып жашайбыз. Бийлик чек ара маселесин чечип берсе, тынчыраак жашамакпыз. Тынчтык болсун.

Ал көпчүлүк жергиликтүү тургундардай эле өрүк өстүрүп сатат. Анын айтымында, айыл тургундары жалаң дыйканчылык же мал чарбачылыгы менен алектенишет.

"Айылдарда иш орундарын түзүп, ишканаларды ачышса жакшы болмок. Эң негизгиси чек ара маселесин чечишсе жакшы болмок. Азыр түндө уктагандан коркобуз, кичине үн чыкса эле чочуйбуз. Чек арада кайра чыр чыкпайт деген ишеним жок", - деп белгилейт аял.

"– Базарда жалгыз мен калдым". Эмне үчүн Баткенден ишкерлер дагы эле иштеп жатышат?"

Арка айылында чоң базар шейшемби күнү, калган күндөрү дүкөндөр гана иштечү. Акыркы жаңжалда алардын баары талкаланып, өрттөлгөн. Жергиликтүү ишкерлердин ичинен Адыл Абдуллаев гана унаа тетиктерин саткан дүкөнүн калыбына келтирүүнү чечкен. Кагылышуу учурунда анын дүкөнү биринчи жолу 2021-жылы күйүп кеткен. Аны жаңы калыбына келтирип, иштей баштаганда 2022-жылы кайра жаңжал чыгып, дүкөн кайра күйүп кеткен. Иштери зыянга учураган ишкерлерге мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн. Бирок кенемтенин суммасы бардык чыгымдарды жапкан эмес. Себеби, дүкөндөрдүн сырты гана эмес, ичи да толугу менен күйүп кеткен. Абдуллаев экинчи жолу чакан бизнесин калыбына келтирүү үчүн өзү дагы кошумча каражат жумшоого туура келгенин айтты.

"Маселе базарда менден башка эч ким жок болуп жатканында. Мен жалгыз иштейм, башка күндөрү эч ким жок. Эл бул жерде шейшемби күнү гана базар күндөрү болушат. Башка дүкөндөрдүн ээлери да кенемте алышкан, бирок алар дүкөндөрүн калыбына келтирүүнү каалашпай эле. Жергиликтүү тургундар азыр кырдаал туруктуу болсо да, кайра чыр-чатактын кайталанышы мүмкүн деген ой менен жашап жатышат", - деп белгилейт ал.

Абдуллаев белгилегендей, чыр-чатактын кайталануусунан коркуп, чек ара айылдарынан көптөгөн ишкерлер кетип жатышат.

"Бул жерде бизнес жүргүзүү абдан кыйын", - деп кошумчалады ал.

Кыйынчылыктарга карабай, калган ишкерлер кризистен чыгуунун жолун издеп жатышат. Адыл Абдуллаевдин дүкөнүнүн жанында, ветеринар Эркин Эрматовдун ветеринардык дарыканасы болгон. Аны каарман кайра калыбына келтирген. Бирок, базарда эмес, үйүнүн жанында.

"Бул жерде менин ветеринардык дарыканам бар эле, чек арадагы чыр-чатактарда эки жолу талкаланып, өрттөнүп кеткен, кайра бул жерге кургум келди, бирок мүмкүн болгон коркунучтан улам курган жокмун. Бул жерде кооптуу болуп калды. Бизде бир эле маселе чек ара маселеси чечилбей жатат. Өкмөт, бийликтегилер ушул маселени чечип беришсе жакшы болмок", - дейт Эркин Эрматов.

Ишкерлердин бир гана үмүтү чек ара маселесин чечүү. Алар чыр-чатакка чейинки жана андан кийинки кирешелерин, жашоо деңгээлин салыштырышат.

"Мурда соода жакшы жүрчү. Жол ачык болчу, Тажикистандан коңшулар келип турушчу. Биз алардыкына барып турчубуз. Чек ара жабылганда соода 70-80%га кыскарды. Азыр соода жок десек болот. Жергиликтүү тургундар да кетип жатса бизден товарды ким сатып алышы керек?" – деди Адыл Абдуллаев.

Айылда калган эл бул кыйынчылыктардын баары убактылуу экенине ишенип, жакын арада Аркада эски жашоо калыбына келет деп үмүттөнүшөт.

"Тажикистандагы туугандарыбызга жолуга албай жатабыз"

Көпчүлүк жергиликтүү тургундар чек арадагы талаш-тартыштардын чечилишин каржылык кыйынчылыктан эле күтүп жаткан жок. Дагы бир маселе - Тажикистандагы баткендиктердин туугандары, достору.

"Көп жылдар бою кошуна болуп, эки эл тууган болуп, бирөө кызын күйөөгө берсе, кээси уулун тажик кызына үйлөнтүп, жакшы мамиледе болгон. Бирок азыр Тажикистандык туугандарына көбү бара алышпайт. Чек ара жабык. Болгону чалуу жана жазуу менен эле байланышууга туура келүүдө. Мурдагыдай аларды көрүп, кубаныч менен кайгыны тең бөлүшүү мүмкүн эмес", - дейт Санабар Каримова.

Айыл тургундары болгон окуяга кимдир-бирөөнү күнөөлөш кыйын экенин, анткени чек аранын эки тарабында жашаган эл жаңжалдан эч кандай пайда көрбөй жатканын түшүнүшүүдө.

"Бул чыр-чатакка ким күнөөлүү болгонун билбейм. Бирок бизге, карапайым элге мунун кереги жок болчу. Бизге тынчтык керек", - дейт Сабириниса Маматкулова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14623