Лев Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. 20 адам эвакуацияланды (видео)
RU

Лев Толстой көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. 20 адам эвакуацияланды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, Лев Толсттой көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыккан. Бул туураалуу ӨКМдин басма-сөз кызматы билдирди. Окуя катталган жерге 17:37де биринчи өрт өчүрүүчү бригада келип, андан 16 мүнөт өткөндөн кийин кошумча бригада келди.

Өрт учурунда куткаруучулар 20 адамды эвакуациялады. Жабыркагандар тууралуу маалымат берлиген жок.

Кечки саат 18:30да өрт чектөөгө алынып, 19:14тө толугу менен өчүрүлдү.

Күбөлөрдүн айтымында, өрттүн чыгышына тиричилик техникадан чыккан оттун тутануусу себеп болду.

Социалдык тармактардын колдонуучусу Александр Золотухин окуя болгон жерден видео жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/146