Кыргызстанда жашоо минимуму 7756 сом деп эсептелди. Сизге бул акча канча убакытка жетет?
RU

Кыргызстанда жашоо минимуму 7756 сом деп эсептелди. Сизге бул акча канча убакытка жетет?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айына 7 миң 756 сомго жашоого болобу? Кыргызстанда 2023-жылдын октябрь айына карата жашоо минимуму 7 миң 756, сом 46 тыйынды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мындан улам Кaktus.kg редакциясы бул сумма канчага жетерин шаардыктардан сурап көрүүнү чечти.

Силер шылдыңдап жатасыңарбы?

- 7 миң сом, бир айга? Силер эмне? Жети миң мага үч күнгө эле жетет.

- Бир жумага деле жетпей калат болушу керек. Бир айга мага 20-25 миң сом кетет.

- Бир айга, бир кишиге такыр жетпейт да. Менин оюмча бир кишиге, бир айга бул сумма өтө аз. Азыр керек болсо студент күнүнө андан көп акча коротот. Азыр жети миңди бир айга бир адамга жеткириш мүмкүн эмес да.

"Эттин килограммы эле 590 сом. Анан 7756 сом эмнеге жетсин?"

- Азык-түлүк үчүн эле: балдарга сүт, таттуу токочко эле миң сом кетет. 7765 сомду 7-10 күнгө жеткиргим келип жатат. Үч балам бар. Ошол үч балама эт алсам, килограммы 590 сом болот. Бир жумага 2 килограмм - 1100 сомдой болот. Эки баламдын жол киреси 100 сомдон болгондо эле канча чыгып кетип жатат?

- Силер, эмне мазактап жатасыңарбы? Бир адамга күнүгө жок дегенде эле 1000 сом кетет. Анан өзүңөр эсептеп көргүлөчү, бир айга канча кетет? Балдарым жардам берип жатат, ошолорго рахмат.

- Азык-түлүккө көп кетип жатпайбы. Кошумча иштеп, айлык алсаң да жетпейт. Эми айла жок. 15 күнгө 7756 сомду жеткирсем болот. Андан ашпайт.

- Мен, негизи ошондой акчага эле бир ай жашайм. Студентмин. Бирок ага батирдин ижарасы, кошумча күнүмдүк чыгымдарды кошпогондо. Негизи тамак-ашка бир айга жеткирсе болот. Бирок студенттер гана. Башка эч нерсеге жеткире албайсың. Эс алуу, андан башкаларды кошпогондо.

- Жашоо минимуму бир айга? Албетте жетпейт. Азык-түлүккө, коммуналдык төлөмдөргө эң аз дегенде эле 20 миң сом кетет, кайдагы 7 миң?

- Бир күнгө. Бардыгы үчүн бир күнгө жетет. Жол кире, азык-түлүк, тамак-ашка. Мен билем, мага бир күнгө 5 миң сом жетет. Бизде ушундай эле коройт.

"7700 сом жетет. Бирок, айыл жергесинде гана"

- 7700 сом жетет. Бирок, айыл жергесинде гана. Шаар ичинде бул сумма жетпейт. Ал эми айыл жергесине жетет дегеним, көп нерсени үйдөн өстүрүп, чогултуп алабызда. А мындай оор эле болот.

- Эч нерсеге жетпейт. Азыркы азык-түлүктүн баасы менен бир аптага жетпейт да. Өзүм үч миң сом пенсия алам.

"Пенсиябыз дарыдан ашпайт. Калганына кантип жетсин?"

- Азыр ал акча эч нерсеге жетпейт. Мен мисалы 3800 сом пенсия алам. Экөөбүзгө 500 сомдон кошуп беришти. Бирок ал эмнеге жетет? Жетпейт. Өзүбүздүн дарыбыздан артпайт.

Азык-түлүк кымбаттады

- Азыр азык-түлүк да кымбаттап кетпедиби. 7 миң сом тыңыраак деле эч нерсе сатып албайсың.

- Эми мага бир айга 12-13 миң сом кетип жатат. Бул азык-түлүк, жол кире, өзүм үчүн эле.

-Эми мен бир айга өзүмө эле 70 миң сомдун тегерегинде акча коротом.

Быйылкы жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7500 сом деп эсептелген. Октябрга карата бул суммага 256 сом кошулду.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.

2023-жылдын үчүнчү кварталына карата Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7756 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитети маалымдагандай, эмгекке жарамду калктын жашоо минимуму - 8888 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы - 6878 сом, балдардыкы - 6598 сомду түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14736