Даниел Ажиев мамлекеттик казынага 44 млн сом демөөрчүлүк кылганы чындыкка дал келбейт
RU

Даниел Ажиев мамлекеттик казынага 44 млн сом демөөрчүлүк кылганы чындыкка дал келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айрым интернет-ресурстарда Даниел Ажиев мамлекеттин бюджетине демөөрчүлүк катары 44 млн сом өлчөмүндө каражат кошкон деген маалыматтарга байланыштуу, УКМК билдирүү таратып, ал чындыкка дал келбей турганын айтты.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан Д.Ажиевдин кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында ээ болгон активдерин издөө боюнча иш жүргүзүлгөн, а Д.Ажиев 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаттарын анын алдын алуу чарасын өзгөртүп берүү үчүн акы катары тергөөгө сунуштаган.

Жыйынтыгында Д.Ажиевдин жубайынан 500 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты алынып, мыйзамда белгиленген тартипте тергөөнүн алкагында камакка алынган.

"Ажиевдин Кыргыз Республикасынын бюджетине өз ыктыяры менен каражат кошкондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт жана анын жүйөлөрү негизсиз жана коомчулукту адаштырууга гана багытталган. Андан сырткары, тергөө тарабынан Анын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү, анын ичинде кымбат баалуу автоунаалар жана батирлер камакка алынган. Ажиевге карата козголгон кылмыш иши акыркы стадияда, айыптоо корутундусу бекитилгенден кийин сотко жиберилип, анда маңызы боюнча, анын ичинде камакка алынган мүлктөрү боюнча да каралат", - деп айтылат маалыматта.

Буга ылайык, Даниел Ажиевден ал уюштурган трансулуттук веб-камера студиясынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен алынган 500 миң АКШ доллары алынды.

Мурда маалымдалгандай, УКМК веб-камера студияларынын (атайын интернет-ресурстар аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү) ишин координациялоочу трансулуттук кылмыштуу топту уюштурган чуулгандуу Д.Ажиевге карата кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14747