Бишкекте бир катар мекемелерде, соода борборлордо бомба бар деген маалымат такталган жок
RU

Бишкекте бир катар мекемелерде, соода борборлордо бомба бар деген маалымат такталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-октябрда саат 09:00дө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Жогорку Соттун имаратына, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жана Санариптик өнүктүрүү министрлигине бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү. Маалыматты Бишкек ШИИББден билдиришти.

Бул фактылардын негизинде райондук бөлүмдөрдүн жетекчилиги жана тергөө топтору окуя болгон жерге барышып, кызматкерлердин баары эвакуациялап, имараттар ​​курчоого алынды. Тиешелүү кызматтар жардыруучу затты издөөдө.

Саат 09:40та милицияга Asia Mall соода борборуна да жардыруучу зат коюлганы тууралуу билдирүү түштү. Жерине ыкчам топ барып, эвакуация иштерин жүргүзүп, соода борбор курчоого алынды. Учурда кинологдор бомбаны издеп жатышат.

Саат 10:27да Бишкектин Октябрь райондук сотунун имаратында бомба бар экени кабарланды. Ыкчам кызматкерлери жерине барып, бардык жарандарды коопсуз жайга чыгарып, текшерүү жүргүзүү үчүн имаратты курчоого алышты.

Ага улай эле "ЦУМ Айчүрөк" борборунда жардыруучу зат бар экени маалымдалды. Мындай билдирүү саат 11:18де түшүп, милициялар жерине барып, коопсуздукту камсыздады.

Саат 14:40ка карата жогоруда аталган бардык жайлардан эч кандай жардыруучу зат табылган жок.

Бомба тууралуу билдирүүлөр каттоого алынды. Бул иш УКМКнын кароосуна жөнөтүлөт жана баа берилет дешти шаардык милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14758