MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин акысыз байланыш менен камсыздайт
RU

MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин акысыз байланыш менен камсыздайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MegaCom Баткен облусундагы абоненттеринин бардыгын уюлдук байланыш жана Интернет менен убактылуу акысыз камсыздандырат. Бул кыргыз-тажик чек арасында орун алган конфликтти жөнгө салуу учурундагы зарыл кадам.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда аталган аймактагы мекендештерибиз дайыма байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү экендигин түшүнөбүз.

Буга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан абоненттерди, ошондой эле Баткен облусундагы чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барып жаткан мамлекеттик мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрү чалууларды аткаруулары үчүн акысыз топтом, ошондой эле интернет-трафик менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1475