"Ал биздин салтыбыз". Депутат мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмыш деп эсептейт
RU

"Ал биздин салтыбыз". Депутат мал уурдоо кыз ала качуудан дагы оор кылмыш деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мал уурдоо кыз ала качуудан да оор кылмыш деп эсептейт.

Парламенттин жыйынында эл өкүлү Дастан Бекешев учурда кыз ала качууга 7 жыл берилсе, кесиптеши демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда мал уурдоого 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза сунушталганы туура эмес болуп жатканын айтты.

"Сиз капа болбоңуз, бул биздин наркыбыз, салтыбыз болчу. Көпчүлүк ата-бабаларыбыз, анын ичинде биз деле "аял ала качып келдик" деп айтчубуз. Ал биздин салтыбыз. Сиз аны менен салыштырбаңыз. Малды уурдап жатат, аялды уурдап бир жакка алып барып сатпайт да, туурабы? Аны үйлөнүү үчүн алышкан", - деп жооп берди Абдалиев.

Анда Бекешев ала качуу кылмыш экенин жана каада-салтка туура келбей турганын баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14762