Чүйдө 15 жаштагы кызга үйлөнгөн жигит жана аларга нике кыйган имам кармалды
RU

Чүйдө 15 жаштагы кызга үйлөнгөн жигит жана аларга нике кыйган имам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында жашы жете элек кызга үйлөнгөн 21 жаштагы жигит кармалды. Андан тышкары түгөйлөргө нике кыйган имам да кармалганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 2002-жылы туулган Н.Ш. аттуу жигит 2008-жылы туулган С.Н. аттуу кызга үйлөнүп, алардын никесин 1971-жылы туулган Р.А. кыйган.

Бул факты боюнча 175-берене (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ага ылайык, 21 жаштагы жигит менен 52 жаштагы имам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14769