Баткен районунда 9 үй, мектеп жана погранзастава, Лейлек районунда 12 үй өрттөндү
RU

Баткен районунда 9 үй, мектеп жана погранзастава, Лейлек районунда 12 үй өрттөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликтин айынан Баткен облусунда 9 үй, мектеп, погранзастава жана бир өрт өчүрүүчү станция өрттөнгөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Баткен облусу боюнча ӨКМдин облустук башкармасынын жетекчиси Орозбек Пазылов кабарлады.

Анын айтымында, учурда келтирилген зыян эсептелип жатат. "Лейлек районунун Кулумду айылында эки үй өрттөн жабыркаса, Максат айылында 10 үй өрттөнгөн", - деп Пазылов белгиледи.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1479