"Биринчи жолу болуп жатыптырбы эмне?" Путин Кыргызстандагы кырдаал боюнча жооп берди
RU

"Биринчи жолу болуп жатыптырбы эмне?" Путин Кыргызстандагы кырдаал боюнча жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Путин "Мир" телерадиокомпаниясынын журналистинин Кыргызстан, Белорусия жана Молдовадагы кризис тууралуу суроосуна жооп берди.

"2021-жылы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл болот. Бул мааракенин алдында КМШ орто жуш курактын кризисин баштан кечирип жаткандай. Бул Кыргызстандагы президенттин отставкасы, Белорусиядагы шайлоодон кийинки баш-аламандык, Молдованын президенти россиялык аскерлерди Приднестровьеден чыгарууну талап кылышы. Россия өзүнүн шериктештеринин бирин жоготуп алышы мүмкүн деп кооптонбойсузбу?", - деп журналист суроо узатты.

"Сиз муну орто жаш курактын кризиси деп атап, бир нече мисал келтирдиңиз. Мисалы Кыргызстан... Эмне эми...Мындай нерсе биринчи жолу болуп жатыптырбы? Ал жерде ар дайым баш-аламандык боло берет. Менин пикирим боюнча, ал жерде ар дайым ички саясатты айрым батыш өлкөлөрдүн үлгүсү менен бычып, бир калыпка салууга аракет кылышат", - деди Путин.

"Саясий акыл-эстин, институттардын жетилгендигинин деңгээли, мисалы үчүн Франциядагыдай эмес. Францияда же Федеративдик Республикада парламенттик система он жылдап, балким, жүз жылдап калыптанган. Парламенттик форма жүз жыл калыптанганы анык. Саясий партиялардын өзүнүн салттуу, туруктуу платформалары бар. Алар жарандарга, шайлоочуларга түшүнүктүү. Ал эми постсоветтик өлкөлөрдө мунун бардыгы барбы? Ошондуктан бул нерсе бүгүнкү күндүн натыйжасы эмес. Бардык шериктештерге сый-урмат менен мамиле кылыш керек да. Бул өз жолуңду издөөнүн натыйжасы. Бирок, бул, биз кандайдыр бир чекке келдик дегендик эмес", - деп РФтин президенти пикирин билдирди.

"Бизде, жакында, КМШ өлкөлөрүнүн алкагында иш чара өткөрүлөт. Менин оюмча, ал өз кезегинде өтөт жана абдан пайдалуу болот. Бул жылды жыйынтыктайбыз. Кесиптештерибиз менен биринчи кезекте кайсы маселелерди чечишибиз керек, талкуулайбыз", - деди Владимир Путин.

Путиндин СНГ мамлекеттериндеги кризиси тууралуу жообун: 2:37:24 төн 2:43:30га чейинки мезгил аралыкта көрө аласыз.

Басма-сөз жыйынынын толук трансляциясы:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/147