Миллиард сом зыян келтирилген "Кумтөр" иши. Бөлтүрүктүн шериктери айып пул менен кутулушту
RU

Миллиард сом зыян келтирилген "Кумтөр" иши. Бөлтүрүктүн шериктери айып пул менен кутулушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурунку убактылуу тышкы башкаручусу Тенгиз Бөлтүрүктүн шериктери мамлекетке дээрлик миллиард сом зыян келтирип, 310 миң сом айып пул менен кутулушту. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына райондук соттон тастыкташты.

Белгиленгендей, Бишкектин Октябрь райондук соту компаниянын каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогуловдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин карады. Токтогулов 2023-жылдын 4-майында "Адамдардын тобу тарабынан алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен мамлекеттик аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бузуу" боюнча Кылмыш-жаза кодексинин беш беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Жыйынтыгында ал 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 200 миң сомго айыпка жыгылды.

Кошумчалай кетсек, ушул эле сотто компаниянын камсыздоо боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиевага карата кылмыш иши каралды. Ал 2023-жылдын 10-июлунда "Алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү менен мамлекеттик аукциондорду же мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн тартибин бузуу" боюнча төрт берене менен күнөөлүү деп табылган. Ага 1100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, 110 миң сом айып салынды.

Белгилей кетсек, каржы башкармалыгынын мурдагы директору Рыспек Токтогулов менен камсыздоо боюнча адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева айрым маалыматтарга караганда, күнөөсүн моюнга алуу келишимине кол коюшкан. Буга байланыштуу алар айып пул менен кутулушту.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын мурдагы убактылуу тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктү жана анын командасын 1 миллиард сомдон ашык зыян келтирген деп айыптаган. Бирок Т. Бөлтүрүк жеке өзү мамлекетке болгону 10 миллион сом кайтарып берген. Ошондой эле Башкы прокуратура коррупция боюнча айыпталгандар өлкө бюджетине келтирилген чыгым катары 844 млн 512 миң сом төлөгөндүгүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14800