"Миграцияда жүрүп суук тийгизип алдым". 8 жыл боюнда боло албай жүргөн Айжандын окуясы
RU

"Миграцияда жүрүп суук тийгизип алдым". 8 жыл боюнда боло албай жүргөн Айжандын окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Кыргызстанда үч миңге жакын жубайлар эркек же аял тукумсуздук көйгөйүнө кабылат. Бирок көпчүлүк учурда түгөйлөр балалуу болбой жатса коом аялга жоопкерчиликти жүктөйт. Тукумсуздук маселеси репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруунун башка көйгөйлөрү сыяктуу эле Кыргызстандын кайсы бир облусуна байланыштуу эмес. Бирок Kaktus.kg Баткен облусунун мисалында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун дарыгерлери кандай учурларга туш болуп жатканын айтып берет.

"Көйгөй менде го деп ойлогом." Айжандын окуясы

"Жолдошум экөөбүз Россияда миграцияда болчубуз. Көбүнчө кара жумуштарда иштечүбүз. Мен идиш жуугуч болдум. Жолдошум гүл дүкөнүндө иштечү, дайыма муздаткычтын ичинде жүрчү. Ошентип күйөөм экөөбүз жыныстык органдарыбызга суук тийгизип алдык", - дейт Айжан (аты өзгөртүлдү).

Айжан жыныстык органдарына суук тийгенин боюнда болбой жатканынан улам гинекологго барганда гана билген.

"Биринчи балам турмушка чыккандан кийин тез эле боюмда болуп калды. Экинчи ирет боюма көпкө чейин бүтпөй жатып, көйгөй менде деп ойлоп, доктурга кайрылсам, сезгенүүнү аныктап, дары жазып беришти. Дарыгерлер айткандын барын жасадым, бирок боюмда болбой жатты", - дейт ал.

Айжан үй-бүлөлүк жашоодо жашаганына 7 жыл болгондо экинчи наристесин көтөргөн. Бирок бир айдан кийин эле боюнан түшүп калган. Дарыгерлер Айжандын жолдошун медициналык текшерүүдөн өтүүсүн мажбурлаганга чейин түгөйлөр эркек тукумсуз болушу мүмкүн деген ойду этибар алышкан эмес.

"Жолдошумду дарыгерлерге алып барган жокмун, бирок чогуу дарыланышыбыз керек болуп калды, боюмда болбой жатканда өзүмдү күнөөлөп жүрдүм. Балам жалгыз болуп калабы, бир тууган иниси же карындашы жок болуп калабы деп өзүмдү жеп жүрдүм. Балам кичинекей кезинде бул нерсеге өтө маани берчү деле эмесмин. Бирок ал чоңойгон сайын мен дагы балалуу болушум керек деген каалоом күчөдү", - деп эскерет ал.

Өзүмө да, күйөөмө да жиним келчү. Кийинчерээк ал экөөбүз тез-тез уруша баштадык. Мен аны мени менен кошо дарыланбай жатасың деп айыптадым, ал акыры макул болду. Жолдошум мени менен бирге дарыгерге чогуу кайрылыш керек эле.

Айжандын жолдошу дарылангандан кийин эле экинчи балалуу болушкан.

Миграциядагы жагымсыз шарттар ден соолукка олутту таасир берет

Самаркандек айылындагы жалпы дарыгердик практика борборунун ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн адиси Пари Хусейнова айыл тургундарын үйлөнүү алдында текшерүүдөн өтүүгө чакырат. Анын тынчсыздануусу эмгек миграциясына байланыштуу.

"Үй-бүлө курганга чейин жубайлар чогуу текшерүүдөн өтүшү керек. Көпчүлүгүбүз миграцияда жүрөбүз, андыктан кургак учук бар же жок экенин аныктоо үчүн рентгенге түшүү керек. ВИЧ-инфекция борборунан текшерүүдөн өтүү зарыл. Эркек менен аял текшерүүдөн өткөндөн кийин гана үйлөнүшү керек", - дейт Пари Хусейнова.

Ал белгилегендей, миграция учурунда жагымсыз шарттарда оор физикалык эмгек эркектердин да, аялдардын да ден соолугуна олуттуу таасир келтирет.

"Кош бойлуу болбой калса, аялды күнөөлөшөт. Эркектин репродуктивдүү системасында көйгөйлөр бар деген эч кимдин оюна келбейт. Ден соолукту чыңдоо бөлүмдөрүнүн иши оорунун алдын алуу боюнча калк менен кеңешүүгө байланышкан. Биз айыл тургундары менен тукумсуздук жана башка нерселер жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Бир учур болгон, жубайлар көптөн бери балалуу боло албай, чогуу текшерүүдөн өтүүгө көндүрдүк. Дарылангандан көп өтпөй алар дени сак балалуу болушту. Бир гана аял дарыланганы менен жакшы жыйынтыкка жетүүгө болбойт. Жолдошу дагы дарыланышы керек. Буга чейин деле эч кандай жыйынтык болгон эмес", - дейт Хусейнова.

Жыныстык органдарга суук тийгенден улам айылдарда тукумсуздук көбөйүп жатат

Самаркандек айылындагы жалпы дарыгердик практика борборунун башкы адиси Маидахан Атаханова жыныстык органдарга суук тийгизүү менен эмгек миграциясында жүргөн аялдар гана эмес, айыл тургундары да жабыркап жатканын белгилейт.

"Тукумсуздуктун көптөгөн себептери бар. Тукумсуздуктун пайда болгон себептеринин ичинен жыныстык органдардын сезгениши көп кездешет. Айылдарда жашоо шарты көбүнчө аялдардын да, эркектердин да сезгенүү ооруларына алып келет. Дарыгерлерге өз убагында кайрылбагандыктан оорулар андан ары күчөп кетет. Бейтаптардын маалыматы аз. Белгилүү бир симптомдорго көңүл буруп, дароо дарыгерге кайрылуу керектиги тууралуу көп ойлонушпайт. Мисалы биздин ооруканада дарыгерлер аз. Ошондой эле текшерүүнүн баасы да текшерүү стадиясында чоң мааниге ээ. Айылдарда көптөрдүн акча каражаты анализдерге жетпейт. Анткени кээ бир анализдерди жеке лабораторияларда гана жасаганга туура келип жатпайбы", - дейт Маидахан Атаханова.

Табыпчылардан интернетке чейин

Дарыгерлердин айтымында, акыркы жылдары тукумсуздукту дарылоого элдин мамилеси бир аз өзгөрдү. Мурда жубайлар табыптарга кайрылууга шашып, кандайдыр бир элдик ырым-жырымдарга барышса, азыр интернеттен жооп издеп жатышат. Бирок алар дагы эле дароо дарыгерлерге кайрылбай жатышат.

"Дарыгерлерге кечигип кайрылган учурлар бар. Мисалы, алгач табыптарга, тукумсуздук үчүн кыргыздын элдик ырым-жырымдарын жасашат. Андан кийин гана дарыгерлерге кайрылышат. Бирок баары ушундай мамиле кылат деп айта албайм. Айрымдары интернеттен маалымат издеп, анан бизге келишет", - дейт Баткен медициналык борборунун акушер-гинекологу Гүлзат Жарматова.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, төрөт курагындагы аял контрацепцияны колдонбостон үзгүлтүксүз жыныстык катнашка барса, 12 ай бою боюна бүтпөсө - тукумсуздук деп эсептелет.

Жарматованын айтымында, кыргыз коомчулугунда кыз турмушка чыгары менен боюнда болбосо айланасы тарабынан кысымга, сөзгө кабыла баштайт.

"Көбүнчө аялдар бир жыл күтпөстөн 3-5 айдан кийин күйөөсүнүн жана анын туугандарынын жемелөөсүнөн улам дарыгерлерге кайрылышат жана себепти өзүнөн издей башташат", - дейт ал.

Ошол эле учурда коомчулуктун кысымына карабай, Жарматова белгилегендей, аялдар дарыгерлердин айтканын угуп, кеңешкенден кийин күйөөлөрүн текшерүүдөн өтүүгө көндүрүүгө аракет кылышат.

Турмушка чыккандан кийин аял бардык жоопкерчиликти өзүнө алган учурлар көп болот. Биз аларга балалуу болуу үчүн жоопкерчилик жубайлардын экөөндө тең экенин түшүндүрүүгө аракет кылабыз.

Үй-бүлөдөгү тукумсуздук маселесине аялдын гана күнөөсү бар деген стереотип урологдорду да түйшөлтүүдө. Алардын айтымында, балалуу болууга тоскоол болгон оорулардын көбүн убагында дарыгерге кайрылуу менен гана айыктырууга болот.

"Аялдар эркектерден айырмаланып, биринчилерден болуп дарылана башташат, себеби алар өздөрүндө маселе бар го деп ойлошот. А маселе эркекте болушу мүмкүн. Бирок азыр 5-10 жыл мурункуга караганда абал жакшы. Жаштардын маалыматы тереңдей баштады. Бизге эки ай мурун баш кошуп, кооптонуп жаткан жубайлар кайрыла башташты, аялдар дароо күйөөлөрүн алып келишет", - дейт Баткен медициналык борборунун урологу Турат Нышанов.

"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну Kaktus.kg сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14816