Артем Новиков жарадар болгондордун абалынан кабар алуу үчүн ооруканага баш бакты
RU

Артем Новиков жарадар болгондордун абалынан кабар алуу үчүн ооруканага баш бакты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү тийиш, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө", - деди Артем Новиков.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүрөт.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1482