"Эң жаман вариант сунушталып жатат". Эл да, авторлор да желекти өзгөртүүгө каршы
RU

"Эң жаман вариант сунушталып жатат". Эл да, авторлор да желекти өзгөртүүгө каршы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Желектин нурларынын формасын Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сунуштап жаткандай кылып өзгөртүүгө желектин авторлору каршы. Бул тууралуу kaktus.kg редакциясына желектин автору Бекбосун Жайчыбеков билдирди.

Ал спикер жолугушууга чакырганын, анда желектин мурунку үлгүсү менен азыркыны талкуулап, күндүн нурун бир аз эле өзгөртүүгө макулдугун беришкендигин айтты. Бирок ал азыркы "тикенек" нур эмес, дейт автор.

"Биз тик кылганга макул болгон эмеспиз. Мен бул эң начар вариант деп айттым". Сунуштардын ичинен азыркы вариант эң эле начары эле. Негизи, толкунун бир аз гана түзөтсөк деген ойлор болгон", - дейт Бекбосун Жайчыбеков.

Эске салсак, буга чейин Парламенттин жыйынында депутаттар желектин нурларын өзгөртүү сунушуна каршы пикирлерин билдиришкенде спикер Нурланбек Шакиев авторлор өзүлөрү сунуштап жатышат деген эле.

"Сиз азыр түндүктүн бүгүнкү турганын караңызчы. Түндүккө окшойбу? Күндүн нурларын караңыз. Ошонун бардыгын авторлор өзүлөрү айтып жатышат", -деген спикер.

Желектин автору өзү желекти өзгөртүүгө каршы

"Мен таптакыр өзгөртүүгө каршымын. Жанакы тикенекке мен таптакыр каршымын", - дейт автор.

Бул арада блогерлер, медиа кызматкерлер арасында социалдык тармактарда желекти өзгөртүүгө каршыбыз деген флешмоб башталды. Өзүлөрүнүн социалдык такмактардагы баракчаларында сурамжылоо жүргүзгөндөрдүн каратында медиа эксперт Илим Карыпбеков да бар. Ал 10 миндей катталуучу сурамжылоого катышса, дээрлик 95 пайызы желекти өзгөртүүгө каршы экенин, калган 5 пайызы "баары бир" деген кайдыгерлик мамиле көргөзгөнүн айтты.

Илим Карыпбеков желекти өзгөртүү менен улуттун сакралдык духун жоготуп алабыз деп эсептейт. Ал Баш мыйзамды улам өзгөртүп жатып, баркын кетиргендей өлкөнүн эң негизги атрибутунун баркын кетирип алабыз деп коркот.

"Нурлары кандай чагылдырылып көрсөтүлөт бул анчалык деле маанилүү эмес. Аны укмуштай кылып, кооз кылып тартып коебу, менин оюмча ал 10-15-маселе. Эң негизги маселе бул идеяда. Биздин желегибиз бар деп канча адам сыймыктанат. Ошол желек алдында канча кан төгүлдү. Канча адам каза болду бүгүнкү күндө", - дейт Карыпбеков.

Илим Карыпбеков өлкөнү басып алган баскынчылар гана желекти алмаштырат деп эсептейт.

"Мунун мааниси мындай да: Ошол желек - элди, улутту бириктирүүчү мааниге ээ. Биздин желегибиз бар. Биздин мамлекеттүүлүгүбүз бар.

Башка өлкө ошону басып алганда символ, атрибуттарды жок кылат. Эмне себептен жок кылат: Анткени, ошол желектин аркасында тарых бар. Ошол тарыхты жок кылыш үчүн, тарыхты буруш үчүн, дегеле пайдубалды өзгөртүш үчүн.

Биз кыргыздар советтер союзуна киргенде биздин герб, желек таптакыр башка болгон да. Биз орустардын курамына киргенде алар биринчи биздин туу менен желекти алмаштырган. Себеби, ак падышанын учурунда көк туубуз менен калтырганда, биздин тарых ошол бойдон, улут болуп өзүнчө калыптанып калмакпыз да. Көрдүңөрбү, желекти баскынчылар алмаштырат", - деди ал.

kaktus.kg редакциясы элдин оюн билүү үчүн сурамжылоо жүргүзгөн. Анда сурамжылоого катышкандын бардыгы желектин нурларын өзгөртүүгө каршы ойлорун билдиришкен.

Социалдык тармактардагы сурамжылоого карышкандар да бул идеяны колдошпойт.

Желектин автору Бекбосун Жайчыбеков коомчулук аны жаман көрүп, элге каршы чыгып жатасыз деп жатканын айтып, ал эч кандай өзгөртүүнү колдобой турганын баса белгиледи.

"Азыр фейсбукту ачсам "Бек ава, Бек байке баш тартыңыз! Бул эмне кылып аткандагыңыз?! Сиз деген бизди сатып жатасыз" деп жатышат. "Сиз элдин кызыкчылыгын сатып жатасыз" деп жатышат. А мен кантип айтам? Мен эмне кылам?

Бизден сунуш кеткен жок. Элдин талабы болсо биз каршылык кыла албайбыз дедик. Эл үчүн иштегенбиз, дагы деле иштей беребиз дедик. Бул жерде бары мени күнөөлөп жатат", - дейт Бекбосун Жайчыбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14836