Сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы менен бажычы кальянды сатып жибергени үчүн кармалды
RU

Сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы менен бажычы кальянды сатып жибергени үчүн кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыштын бети ачылып, сот аткаруучулар бөлүмүнүн башчысы менен бажычы кармалды.

Коопсуздук комитеттин маалыматына ылайык, 27-июлда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келген 24738 килограмм Serbetli (болжолдуу баасы 48 млн 706 миң 780 сом) кальян тамекиси мамлекетке конфискацияланып, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлгөн.

Бирок Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, кальянды жашыруун сатуу максатында Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды "Бажы инфраструктурасы" кызматынын түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

18-октябрда жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 млн 497 миң 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында 31-октябрда "Бажы инфраструктурасы" мекемесинин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук Сот аткаруучулар кызматынын бөлүм башчысы М.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14849