"Сасык жыт, келемиш, чымындар". 100дөн ашуун ит баккан аял менен кошуналардын чыры
RU

"Сасык жыт, келемиш, чымындар". 100дөн ашуун ит баккан аял менен кошуналардын чыры

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маевка. Бул жерде Татьяна беш жылдан бери кошуналары менен тартышып келет. Ал үйүндө жүздөн ашык ит багат. Аймакта жагымсыз жыт бар, иттер дээрлик күнү-түнү үрө берет. Бул убакыттан бери Татьянанын кошуналарынын кайрылбаган жери калган эмес. Kaktus.kg редакциясы бул окуянын чоо-жайын айтып берет.

"Иттердин саны мынча болуп кетет деп ойлогон эмесмин"

Татьянанын айтымында, ал алгач Бишкекке көчүп келгенде аз эле ити бар болчу. Ал Бишкектин көчөөлөрүнөн көп жолбун иттерди көрүп, боору ооруп, үйүнө чогулта баштаган.

"Мен Бишкекке көчүп келгенде көп үйү жок жаныбарларды көрдүм. Жардам берүү сенин ичиңде бар да. Адамдардын жоопкерчилиги жок. Алар иттерди ыргытып салышат, мыкаачылык менен жаман мамиле кылышат. А сен болсо жардам берип жатасың – анан эле сен жамансың.

Мен кошуналарыма көйгөй пайда кылганымды билем. Бирок, билесиңерби? Эгер мен, башынан эле иттер үчүн жашоочу башпаанек кылууну пландасам, мен балким, акылдуулук кылып, жер сатып алмакмын. Ушинтип, мени эч ким жаман көрүп, каргап, кордомок эмес, түшүнөсүңөрбү? Мен тынч жашап жатмакмын. Мага дагы кыйын. Мен турсам алар бардык жерде чуркап жүрүшөт. Алар бардык жерде жыргап жүрүшөт. Бирок, алар мага бакыт, кубаныч тартуулайт", - дейт ал.

Кетпеген сасык жыт, иттердин үргөнү, келемиштер, чымындар...

Ал эми Татьянанын кошуналары бул маселеден тажашканын айтышат. Иттердин жыты, алардын таза эместигинен, аларга тиешелүү көңүл бурулбагандыктан жаш балдар, карылар аллергия болуп, жөтөлүп ооруп жатышат.

"Сасык жыт, иттердин үргөнү, келемиштер, чымындар. Мунун баары тажатты. Элдин чыдамы калбай калды. Ал бир аз тазалап турса да балким, биз унчукпай чыдайт элек. Бирок, буга чыдаш мүмкүн болбой калды. Кары адамдар кыйналып жатышат, балдар кыйналып жатышат. Биз дагы кыйналдык", - дейт бир кошунасы.

Ал эми экинчиси иттерге ыктыярчылардан алып келинген тамак-аш калдыктарын сактоого жер жок, келемиштер каптап, ал үйлөргө чейин кирип жатканын айтат.

"Биз бул жерде жашаганыбызга 40 жылдан ашты. Бул убакыттын ичинде бизде бир эле кошунабыз менен маселе жаралды. Аябай жаман жыт, иттердин үргөнүн күнү-түнү угабыз. Кечинде ойгонобуз жана бул биздин жашообузду уулап жатканы эч кимди кызыктырбай эле.

Келемиштер каптап, үйгө кирип жатат. Биз жайы бою эшиктерди ача алган жокпуз. Себеби, эшиктерди ачсак үйгө келемиштер кирип кетип жатты. Иттин жыттары жашоого мүмкүндүк бербей жатат. Өзгөчө жай айында. Жайында таза аба менен дем алгың келген учурда күндүн аптабы куйкалайт, а бул жерде жыттар..", - деп арыз-муңун айтты экинчи кошунасы.

Иттер көчөгө чыгып, балдарга кол салган учурлар болот

Татьяна менен кошуна турган жергиликтүү тургундар иттерди өлтүрүп же жок кылууну талап кылышкан эмес. Алар башынан эле Татьянаны иттери менен шаар четине, калк жыш жайгашкан аймактан алысыраак көчүп кетирүү үчүн жергиликтүү бийликтен жер сурашкан.

"Мен Татьяна Кудлай менен кошуна турам. Тагыраагы, биздин дубалыбыз бирге. Иттер дубалга улам чыгып, биздин короодо чуркап жүрүшөт. Чоңдорго да, балдарга да кол салышат. Менин эки балам бар. Мына ушундай "жакшы иш жасап жаткан" Татьяна Кудлай менен кошуна болуп жашап жатабыз. Бул бир эле айдын сүйлөшүүсү эмес. Бул маселе бир ай эле көтөрүлгөн жок. Татьянанын ыктыярчылары келишет да, бул жерди бир аз ирээтке келтиришет да, кетишет. Алар дарбазадан ары киришпейт да. Ал эч кимди короосуна киргизбейт", - дейт кезектеги кошунасы.

"Иттер өзүлөрү да кыйналып кетти"

Татьянанын кошуналары иттерге боору ооруп жатышат. Алар бул маселе жылдап чечилбей жатканынан улам аксакалдар сотуна чейин кайрылышканын айтышат.

"Мен ал жерде жаныбарлар да кыйналып жатат деп айткым келет. Аларга бул жерде эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Мындай сандагы жаныбарларды мындай өлчөмдөгү тилкеде кармоого болбойт. Биз канча жолу сотко, айыл өкмөтүнө кайрылдык. Аксакалдар кеңешинде бул маселе көтөрүлгөн. Бирок, азырынча жыйынтык көрбөй жатабыз. Чечим кабыл алып эле жатышат бирок, жыйынтык жок. Сотко келишпейт. Чечимди аткарышпайт", - дейт кезектеги кошунасы.

Иттин ээси кошуналарына кыйынчылык жаратып жатканын түшүнөт

Татьяна кошуналарынын нааразычылыгын түшүнүп турганын айтты. Ал бирок, иттердин барын жергиликтүү бийлик өлтүрүп салабы деп коркон. Жандыктардын ээси бул көйгөйдү башкача жол менен чечүү керек деп эсептейт.

"Мындай көп көлөмдөгү иттер калк жыш жайгашкан аймакта болбошу керек экенин билем. Мен макулмун. Бирок, мен "мага жок дегенде бир нерсе берип койгулачы?" деп жатам. Мен булак эмесмин. Мен – адамдардын мыкаачылыгынын жыйынтыгымын. Мен адамдардын жоопкерчиликсиздигинин жыйынтыгымын", - дейт Татьяна.

Жер сунушташкан бирок, Татьянага ал жер жаккан эмес

Татьянага жергиликтүү бийлик бир канча жолу жер сунуштап, шаар четине көчүрүүнү каалашкан. Иттердин ээси ал жерди үч жолу барып көрүп, бирок аянты тар болгондуктан, баш тарткан.

"Жер сунушташкан. Таштанды таштоочу жайдын аймагыбы? Мени ал жакка эки жолу алып барышты. Биринчисинде алыстан көрсөтүшкөн. Андан кийин жакындан көрсөтүштү. "Мына, бул жерден биз сизге 20 сотук жер" дешти. А мен бул жер аз дедим. Эллина, "Дружба" фонду менен чоогу алдыга бир перспектива деп. Себеби, иттерге жашоочу жай жасай турган болсок биротоло масштабдуураак кылып... Анда мага кыйкырышат: "Сиз, эмнени каалап жатасыз? Сизде кандайдыр бир коммерциялык пландар барбы?" деп. Мен иттерди сатпайм. Мен аларды көбөйтпөйм. Иттеримдин көбү стерилизацияланган. "Кумайык" долбоору аркылуу алар мага абдан жардам беришти. Менде иттерди көбөйтүү деген максат жок. Аны сатып, акча табайын деген да оюм жок. Мен бул жагдайдын өзгөрүшүн каалайм. Мен адамдар иттерге боорукердик менен мамиле кылышын каалайм", - деп жооп берди ал.

Иттерди коргоо фонду Татьянанын иттерин алып кетүүгө макул бирок, канча мөөнөткө - белгисиз

Иттерди коргоо боюнча фонддун өкүлдөрү мэрия итти Тазалык муниципалдык кызматынын жардамы менен аттырып салышы мүмкүн деп кооптонот. Ал жер маселеси чечилсе, иттерди калктуу аймактан чыгарып кетсе боло турганын айтат.

Канттагы фонд канча убакка иттерди мекемесине батырып турууга макул экени тактала элек. Иттерди коргоо боюнча фонддун өкүлдөрү иттердин жашоосу аянычтуу аяктабаш үчүн акция уюштуруп, чогулган акчага жер сатып алууну көздөөдө.

"Жер сатып алуу үчүн акча чогултууга акция жарыялашыбыз керек. Биз муну кылат окшойбуз. Себеби, Бриджит Бордо фонду бул иттерди канча убакка алаары белгисиз. Биз бул маселени, али сүйлөшө элекпиз", - дейт фонд өкүлү.

Бул арада жандыктардын ээси элдер өзүлөрү үйүнүн алдына күчүктөрдү коробка менен таштап кетип жаткандарын айтты. Ал жарандарда жоопкерчилик жок дейт.

"Мейли, мен кайсыл бир жакка кеттим дейли. Бул жерде менин үйүм бар. Мен кээде келип, жашап турам. Анан, эмне болот? Мен келген учурда таң эрте эмне таап алам? Күчүктү, күчүктөр менен коробканы таап алам. Мен аларды эмне кылышым керек? Бочканы таап, сууга чөктүрүп ийишим керекпи же ыргытып, көөмүп салышым керекпи? Кимге алып барам?

Таш менен урушкан, дарбазамды талкалашкан. Бир дагы ит чуркап чыгып, эч кимди тиштеген эмес. Мени менен мушташканча атырылышты, мени кодулап, кордоп жатышат", - дейт ал.

Жергиликтүү жашоочулардан фонд өкулдөрү 3 күн мөөнөт сурап, иттерди алып кетүүнү убадалашкан. Алар Кантка иттерди бөлүп алып кетип жатышат. Бирок, Татьяна 15-20 итти үйүнө алып калгысы келет. Мындан улам анын кошуналары Татьяна кайра иттерди үйүнө чогулта баштабайбы деп коркуп жатышат.

Бишкекте жолбун иттер менен көйгөйлөр курч

Бишкекте жолбун иттер менен маселе курч. Иттерди коргоо фонддорунун өкулдөрү жана активисттер бул жаныбарлардын санын кыскартуу үчүн сөзсуз өлтүрүү зарылчылыгы жок экенин айтышат. Алар бир гана маселени чечүү жолун көрүп жатышат: иттерди стерилизациялоо. Себеби, жолбун иттерди баккан Татьяна сыктуу жарандар Бишкек шаарында абдан көп. Маевка айылында эле 3 киши бар дешет фонд өкүлдөрү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14850