Эки ай бою изделип жаткан 20 жаштагы Виктория Долотованын жансыз денеси табылды
RU

Эки ай бою изделип жаткан 20 жаштагы Виктория Долотованын жансыз денеси табылды

Все самое интересное в Telegram

2003-жылы туулган Виктория Долотованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.

Эске сала кетсек, кыз эки ай мурун жоголгон. 31-август күнү саат 22:00дөр чамасында Бишкектин 7-кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен, андан кийин анын кайда экени белгисиз болгон.

Издөө иштерине милиция кызматкерлери да тартылган. Кызды акыркы жолу 7-кичи райондогу ДСКнын жанынан көрүшкөн: камералар аны үйдөн чыгып бараткан жеринен тартып алышкан.

Kaktus.media редакциясы комментарий алуу үчүн ИИМдин басма сөз кызматы менен байланышып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14875