Быйылкы кышта Кыргызстан канча электр энергиясын импорттойт жана "Б" план деген эмне?
RU

Быйылкы кышта Кыргызстан канча электр энергиясын импорттойт жана "Б" план деген эмне?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоого Кыргызстандын өзүнүн мүмкүнчүлүгү жетпейт. Өткөн кышта Кыргызстан 3 миллиард кВт саатка жакын электр энергиясынын тартыштыгына дуушар болгон. Энергетика министрлигинин кызматкерлери мүмкүнчүлүк болгон сайын калкты электр жарыгын үнөмдөөгө үндөп, жада калса өчүрүүлөр тууралуу да эскертишүүдө.

Жалпысынан Энергетика министрлиги күз-кыш мезгилине даярдык деңгээлин "жакшы" деп баалап жатат. Башкармалык 2024-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычын 6,7 миллиард метр куб суу менен камсыздоо, ал эми быйылкы жылы 3,2 млрд кВт саатка чейин электр энергиясын импорттоо каралган.

Электр энергиясы кайдан келет?

Өткөн жылдары импорттук электр энергиясы Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Россиядан келген.

Сентябрь айында Энергетика министрлиги Казакстандан 577 миллион кВт саат импорттолсо, жайында 400 миң кВт/саат электр энергиясы берилгенин билдирген.

146 млн кВт.саат, 600 миң кВт саат Өзбекстандан алынып келинип, толугу менен кайтарылган.

Түркмөнстан менен 1,7 млрд кВт саат импорттоо боюнча келишим түзүлүп, анын 691 млн кВт сааты октябрь айына чейин импорттолгон.

Ошондой эле Россия менен 873,9 млн кВт саат импорттоо боюнча келишим түзүлгөн. Ошол эле учурда 142 млн кВт саат импорттолгон.

Электр энергиясы жетишсиз болсо, эмнени күтүүгө болот?

Бийлик электр энергиясынын пландалган көлөмү жетишсиз болушу мүмкүн деп божомолдоп - ал тургай резервдик план да түзгөн. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев депутаттар менен бөлүштү:

А планы иштебесе, анда Б планы ишке киргизилет, электр энергиясын импорттоодо маселе жаралса сууну агызбайбыз. Бишкек Жылуулук электр борборун максималдуу пайдаланабыз. Электр энергиясын өндүрүү көбөйөт, сууну кармап калабыз. 31-декабрга чейин кошумча 98,17 МВт ишке киргизебиз. Ар бир кичи ГЭСтен кошумча 100 МВт, Токтогул ГЭСинде 60 МВт, жалпысынан 260-300 МВт кошумча ишке киргизилет. Эгерде импортто көйгөй жаралбаса, анда сууну үнөмдөйбүз. Өзбекстан да түшүнөт: эгер бизге электр жарыгын бербесе, биз аларга жайында суу бере албайбыз. Түркмөнстан менен Россиядан эч кандай маселе болбойт.

Жылытуу мезгилине болгон даярдыкка канча акча сарпталды?

Министрлер кабинети кыш мезгилиндеги энергетика тармагына 4,3 миллиард сом бөлдү. Анын ичинен 1 миллиард 577 миллион сому "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого багытталган.

Бийик тоолордо, барууга кыйын жана алыскы аймактарда жашаган калкка электр энергиясына болгон 50% жеңилдикти компенсациялоого 131,8 млн сом бөлүнгөн.

Республикалык бюджеттен дагы 164 миллион сом көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга бөлүнгөн. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга электр энергиясына төлөө үчүн 689,8 млн сом которулган.

Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук станциялары үчүн электр энергиясын импорттоого жана отун ресурстарын сатып алууга кеткен чыгымдарды жабууга, Камбар-Ата ГЭС-1 куруу долбооруна, "Бала-Саруу" кичи ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууга" жана Орто-Токой суу сактагычында 2023-жылга бюджеттен 2,8 млрд сом бөлүнгөн.

Бирок алар импорттолгон электр энергиясынын баасы канча экенин айтышпайт – документтер "жашыруун" деп жазылган.

Баасы тууралуу болжолдуу корутундуну өлкө импорт үчүн 57 миллион доллар төлөгөн 2022-жылга карата эсептөөлөрдүн негизинде чыгарса болот.

Кыш былтыркыдай жылуу болобу, же катаал болобу, айтор энергетиктер болжолдоп эле айтышат. Бирок энергияны үнөмдөө дагы деле - эң башкы эреже. Анткени, эч ким электр жарыгы, жылытуусуз суукта калгысы келбейт.

"Кыш кандай болорун ким билет, андыктан бизде 600 миллион кВт/саат резерв бар", - деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14877