Алайда айылдашынын колунан 18 жаштагы жигит каза тапты
RU

Алайда айылдашынын колунан 18 жаштагы жигит каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алайда 18 жаштагы жигит агасына болушам деп каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн маалымдады.

Окуя 3-ноябрда болгон. Анда Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагында 2005-жылы туулган С. уулу Ж. бычакталып, каза болгон. Анын бир тууган агасы денесинен оор жаракат алып Сопу-Коргон айылдык ооруканасына кайрылган.

Такталгандай, 1994-жылы туулган С. уулу Ч. менен 1992-жылы туулган А. уулу А. пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкен. Натыйжада С. уулу Ч`нын башы жарылып үйүнө барган. Ал болгон окуяны инисине айтып берген. Иниси агасын урган айылдашын үйүнө барганда экинчиси үйүнөн бычак алып чыгып, ичине сайып жиберген. С. уулу Ж. алган жаракатынан улам каза болгон.

Адам өлтүрүүгө шектүү жаран унаасы менен окуя болгон жерден качып кеткен. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан шектүү жаран Кара-Суу районунун Каратай айылынан кармалган.

Шектүүнүн унаасы айып короого токтотулуп, өзү Алай РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14888