Чалдыбар айылынын эли тез жардам унаасын сатып алышкан, бирок министрлик аны албай жатат
RU

Чалдыбар айылынын эли тез жардам унаасын сатып алышкан, бирок министрлик аны албай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан менен Кыргызстандын чектешкен Чалдыбар айылынын жергиликтүү эли акча чогултуп, өз каражатына тез жардам унаасын сатып алышкан. Коронавирус пандемиясында бул унаа элге жакшы кызмат кылып, дарыгерлердин ишин бир топ жеңилдеткен.

Пандемияда элге унаа аябай жардам берген

Коронавирус илдети жайылып, дарылар жетишсиз болуп жаткан учурда Чалдыбардын тургундары дары-дамекке ыктыярдуу түрдө акча чогултуп баштаган. Аны жергиликтүү тургун Нуржан мырза чогулткан.

Ал башында дары-дармек, дем алуучу концентраттарды эле алып, айылдын чет жакта иштеген уул-кыздары жардам кылып, акча тынымсыз которгондорун айтып берди.

"Мунун бары пандемия күчөп, аябай жаман болуп жаткан убакта башталган. Биз ал учурда бири-бирибиздин үйгө кирбей калбадык беле. Бири-бирибиз менен саламдашпай калганбыз. Жолдор жабык, элге жардам берели деп баары дарыга акча чогултуп башташкан.

Унаа тууралуу алгач ойлонгон эмеспиз. Биздин эл ынтымактуу. Дарылар, дем алдыруучу аппараттар да келди. Эл дагы эле аларды бекер колдонуп жатышат.

Ошол маалда биздин бул ооруканада бир тез жардам унаасы иштеп, ал жетишпей жатканда элден жардам болсун деп чогулган акчага сапаттуу тез жардам унаасын сатып алдык. Германиядагы достор аябай жакшысын тандап, тоскоолдукка карабай унааны салып жиберишкен. Ал коронавирус маалында дарыгерлерге аябай жардам берген", - дейт акча чогулткан жергиликтүү тургун.

Жаңы тез жардам унаасы эки жылдан ашык убакыттан бери токтоп турат

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашууга мүмкүн болбой, жаңы тез жардам унаасы эки жылдан ашык убакыттан бери токтоп турат.

Министрлик эл сатып алган унааны кабыл алууга даяр, бирок аны Чалдыбардын өзүнө калтыргысы келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул айылда өзүнүн тез жардам бөлүмү болушу мүмкүн эмес деп ырастоодо - ал атайын талаптарга жооп бербейт. Бирок 2020-жылга чейин пункт иштеген. Саламаттыкты сактоо министрлиги аны карантинден кийин жаап салган.

Ал жерге өзүнчө тез жардамдын кереги деле жок

Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбызда, бизге министрликтин атынан Чалдыбар айылы караган Панфилов районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Жалил Абдыкалыков жооп берди. Ал элдин саны кеминде 30 миң болгондо гана тез жардам бөлүмү ачылат деди.

"Штаттык бирдик ачылбайт. Штат ачылабы, ачылбайбы алар биздин баланска ал унааны берсе, биз райондогу тез жардамдай кылып иштете берет элек да. Аны бергиси келбейт. Ошол Нуржан эле бергиси келбейт. Анан эле ар кайсыл жакка арызданып жатышат.

Маселе бизде эмес, өкмөттүн токтомунда болуп жатпайбы. Ошого жараша айлык бөлүнөт. Бир күндө бир-эки эле чалуу болот экен Чалдыбарда. Ошол Чалдыбар менен биздин Панфиловдун ортосу, аркы башына чейин 20 чакырым. Бери жагы 10 эле чакырым. Ошол жерге унаа 15 мүнөттө эле барып калат. Ал жерге өзүнчө тез жардамдын кереги деле жок", - деди Жалил Абдыкалыков.

Маселе бизде эмес, өкмөттүн токтомунда...

Райондук оорукананын башчысы Чалдыбар айылына тез жардам бөлүмүн ачууга өкмөттүн мыйзамы жол бербей турганын айтты.

"Канча жолу айттык. Новиковго чейин барышкан алар. Ошол Нуржан деген жигит менен мен министрге да киргем, Бейшеналиев министр болчу. Милдеттүү камсыздандыруу фондунун башкы жетекчисине да барганбыз. Ал жанагы өкмөттүн токтомунда тез жардам пунктун ачыш үчүн канча калк болушу керек жазылган да. Ошого жараша акча бөлүнөт. Анан аларга жооп бербесек, токтом өзгөрбөсө, бизге өзүнчө шарт бербейт", - дейт ал.

Бул унаа Кыргызстандагы эң мыкты тез жардам унааларынын бири

Жергиликтүү тургундар унаа канча жылдан бери иштебей, элдин зээни кейип жатканын айтышууда. Алар элден чогулган акчага алынган тез жардам унаасы эл үчүн иштесе экен деген үмүтүн үзүшпөй келет.

"Коронавирус пандемиясында Чалдыбар айылынын эли биригип тез жардам унаасын сатып алуу демилгесин көтөрүшкөн. Бул унаа Кыргызстандагы эң мыкты тез жардам унааларынын бири. Сапаты боюнча мыкты, тетиктери, бардык шаймандары бар. Бизде буга чейин тез жардам чекити бар болчу. Ал жерде күнү-түнү нөөмөттө туруп, медайымдар, фельдшерлер иштешчү. Ал учурда түн ичинде келип, укол алып, тамчылатма дары алып кеткенге болот болчу", - дейт айылдын дагы бир жашоочусу.

Жергиликтүү эл унаа айыл үчүн эле эмес, район үчүн да иштешин каалайт

Нуржан мырза буга чейин тез жардам бөлүмү ишегенин айтып, ал жердеги гараж, үй-бүлөлүк медицина борбору да тез жардамга ылайыкталып салынганын айтты.

"Мына, бизде мурун тез жардам бөлүмү бар болчу. Гараж турат. Эгер буга чейин иштебесе, бул жерде фельдшерлер отурбаса биз акча коротуп тез жардам унаасын сатып албайт болчубуз да.

Кичинекей 5-класстын баласы да чогулткан акчасын ушул тез жардам үчүн алып келип берген.

Биз ушул эле дарыгерлерге жардам берүүнү кааладык да", - дейт жашоочу.

Унаа Чалдыбарда иштесе, кошуна айылдарды да камсыз кылмак

Коронавирус пандемиясы аяктагандан кийин тез жардам бөлүмү жабылып, медайым, фельдшерлерди райондук ооруканага киши жетишпей жатат деген шылтоо менен алып кетишкен. Ал эми айылдын эли тез жардам унаа райондук ооруканада катталса да, бул 12 миң эли бал Чалдыбар айылын жана кошуна айылдарды тейлесе болот эле деген ойлорун билдиришти.

"Биз бул унааны Чалдыбар айылынын өзүндө калышын каалаганбыз. Жергиликтүү эл аны башка аймакка берүүнү каалашкан эмес. Балким, ал такыр эле башка жакка кетип калат, анан көрбөй калабыз. Балким, ошол үчүн бидин тез жардам пунктубузду жаап салышкандыр...

Биз бул унааны сатып алгандан үч ай өткөндөн кийин башка жакка алып кетүүгө каршылыгыбызды билдиргенбиз, ошондо бул жердеги тез жардам чекитин таркатып салышкан.

Мына, дээрлик эки жылдан бери тез жардам унаабызды ишке бере албай жатабыз. Биз Саламаттыкты сактоо министрлигине белекке берели дегенбиз, бирок биздин бир эле тилегибиз бар: ал райондук ооруканада иштей берсин, Панфилов айылы бул биздин райондук оорукана жайгашкан айыл.

Биз бул унаа адамдардын өмүрүн сакташын каалайбыз. Мейли, ал Панфилов районуна карасын, бирок бир эле сураныч - Чалдыбар эли өз акчасына сатып алгандан кийин, балдар акча кошкондон кийин, мүмкүн болсо унаа ушул жерде турса жакшы болот эле. А бул оорукананы райондук оорукана көзөмөлдөсүн" - дейт тургун.

Тургундар чек арада жайгашкан айылдарга тез жардам пунктун ачыш керек деп эсептешет

Чалдыбар айынын тургундары чек арада жайгашкан айылдарга тез жардам пунктун ачуу керек деп эсептешет. Алар бийликтен жардам сурап, элдин акчасына алынган тез жардам унаасын элге пайдаланууга уруксат берүүнү өтүнүшөт. Болбосо, жергиликтүү депутаттар унааны сатып, футбол аянтчасын салабыз деп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14905