Бишкектеги соода борборлордун биринен 3 жашар кызды уурдап кетишкен. Видео
RU

Бишкектеги соода борборлордун биринен 3 жашар кызды уурдап кетишкен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги соода борбордон кичинекей кыз уурдалган. Маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн билдиришти.

Алардын берген маалыматына ылайык, 9-ноябрда милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн.

Анда "Аламедин Гранд" соода борборундагы оюн залынан болжол менен саат 19:30 чамасында белгисиз бала 3 жаштагы Т.М.А. аттуу кызды алып кеткени айтылган. Кызды алып кеткен бала менен аял дагы болгон, алар сыртка чыкканда коомдук транспортко отуруп, кетип калышкан.

Наристени издөөгө Бишкектин милициясы тартылып, Васильевка айылынан табышкан.

Kaktus.media сайтына өздүк булактар билдиришкендей, кызды алып кеткенге шектелген аял балдары менен оюн аянтчасында болгонун, алар чыгып баратканда ыйлап жаткан кыз жанына келгенин билдирген.

"Кыздын ата-энеси жок болгондуктан, аял улуу баласына кызды ээрчитип келүүсүн айткан имиш. Ал кызды эртеси күнү соода борборго кайра алып келем деп кетип калган", - дешти өздүк булактар.

Бирок милиция кызматкерлери наристени уурдоо атайын ойлонуштурулган деп ишенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14909