Аскер кызматкерлери тойго параддык форма кийип барса болобу? Чек ара кызматынан түшүндүрмө
RU

Аскер кызматкерлери тойго параддык форма кийип барса болобу? Чек ара кызматынан түшүндүрмө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга кыз узатуу тойго куралчан жоокерлердин коштоосунда кирип барган күйөө баланын видеосу 9-ноябрда жарыяланып, талкууга алынды. Пикир калтыргандардын айрымдары "той-топурга формачан барууга уруксат берилгенби, тиешелүү мекеме чара көрөбү" деп кызыгышкан.

Ал арада Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги формачан жигит боюнча маалымат берген.

Белгилүү болгондой, күйөө бала Коргоо министрлигинин аскери эмес.

Тамаданын түшүндүрмөсү

Кыз узатуу тойдо тамадалык кылган актёр Болотбек Тилек талкуу боюнча түшүндүрмө берип, баш кошкон түйгөйлөрдү талкуулабай, бакыт тилеп коюуга чакырды.

"Талкууга алынып жаткан кыз узатуу тойго күйөө бала кайын журтунун алдына өзгөчө кирип келди. Аны эки куралчан спецназ коштоп келди. Айтайын дегеним, аскерлердин ишин түшүнгөндөр дароо эле билишти - куралдар чыныгы курал эмес.

Мен тойдо алып баруучу болгондуктан элдин алдына ушундай курал менен да чыгабы деп чоочудум. Көрсө, оюнчук курал экен.

"Атың чыкпаса жер өрттө" дегендей азыркы эркин заманда жаштаркаалаганын кылат. Болгону жаштарга бакыт тилейли, турмуш жолуна аттанган Дилбар менин окуучу кызым, өмүрлүк жолдошу Арген мекен сакчысы. Баткен коогалаңында душманга төшүн тоскон жоокерлердин бири", - деди тамада.

Чек ара кызматынын жообу

Kaktus.kg сайты Чек ара кызматына кайрылып, курал алып, атайын форма менен өзгөчөлөнгөн жигиттер тууралуу маалыматты тактадык. Ошондой эле аскер кызматкерлерине параддык форманы кайсы учурда кийүүсүнө уруксат берилгенин билдик.

"9-ноябрда Чек ара кызматынын жоокери кыз узатуу тойдо Страйкбол федерациясынан 2 жаранды (тактикалык камуфляж формасын кийген) тартып, алар алдын ала макулдашуу боюнча келген. Биздин ведомство видеодогу автоматтар атайын оюн үчүн арналган курал экенин белгилейт.

Бул жагдайды тактоодо УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери бардык чыгымдарды (коштогон жигиттердин кызматы жана страйкбол үчүн куралдардын акысы) төлөп бергени белгилүү болду.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин аскердик форманы кийүүсү, айырмалоочу белгилерди тагынуусу жана куралдануусу аскердик бирдиктүү эрежелердин нормаларына жана талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы №413 жарлыгы менен бекитилген аскер кызматчысына майрамдарда жана мааракелерде курамдан тышкаркы убакта аскердик форманы кийүүгө толук уруксат берилет.

Кызматтык зарылчылыктан улам келип чыккан учурларды кошпогондо, аскер кызматкерлерине калктуу пункттардагы көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда атайын жана жумушчу формасында жүрүүсүнө тыюу салынат. Ал эми параддык формага мындай тыюу жайылтылбайт", - дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14918