Тажик бийлиги Интернационал айылынын жетекчисин барымтага алган жокпуз деп билдиришти
RU

Тажик бийлиги Интернационал айылынын жетекчисин барымтага алган жокпуз деп билдиришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик бийлиги Интернационал айылынын жетекчисин барымтага алды деген билдирүүнү төгүндөдү. Исфара администрациясы бул маалыматты "негизсиз, фейк жана провакациялык" деп билдирди. Бул тууралуу тажикстандын "Азия-Плюс" басылмасы жазып чыккан.

Мындан мурун Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылынын айыл өкмөтүн барымтага алып кетишти деген маалымат чыккан. Бул билдирүүнү Баткен облусунун ИИБси тастыктаган.

Белгилүү болгондой, Лейлек районунун Борбордук айылында Тажикстандын күч структураларына таандык аскерий техникалар киргизилген.

Интернационал айылындагы кыргыз тарапка таандык "Жилой дом" аймагына Тажикстандын күч структуралары кирип келишкен. "Аталган районго жакын жерде эки адам каза болгонун уккан айыл башчысы алар тууралуу тагыраак маалымат алуу үчүн жөнөп кеткен. Ошол учурда тажиктер аны барымтага алышкан", - деп ИИБ билдирди.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

  • 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
  • 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
  • Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
  • Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
  • Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
  • 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
  • 30-апрелде, эртең менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, чек арадагы конфликттин айынан 13 адам каза болду.
  • Бүгүн, болжол менен саат 13:00до Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүү өткөрүштү. Камчыбек Ташиев тараптар аскерлерин чек арадан алып кетүүнү макулдашышканын билдирди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1492