2024-жылдын 1-январынан тартып иштин 12 түрү боюнча патент өз күчүн жоготот
RU

2024-жылдын 1-январынан тартып иштин 12 түрү боюнча патент өз күчүн жоготот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 1-январдан тартып патент менен соода жүргүзүү токтотулат. Мамлекеттик салык кызматы көрсөтүлгөн күндөн тартып иштин 12 түрүнө карата патент өз күчүн жоготорун маалымдады.

Жаңы жылдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүүгө болбойт:

  • базарларда жана базарларда чекене сатуу;
  • дүкөндөрдө чекене сатуу;
  • дүкөндөрдөн, соода борборлорунан жана базарлардан тышкары чекене сатуу;
  • соода түйүндөрүн пайдалануу менен соода борборлорунда чекене сатуу;
  • убактылуу темир констркуцияларды пайдалануу менен базарлардан тышкары унааларга кошумча бөлүктөрдү жана материалдарды сатуу;
  • тез тамактануу (фаст-фуд) тармагына керектүү азыктарды сатуу;
  • үй жаныбарларын багуу жана сатуу;
  • нан жасоо, сатуу;
  • үй шартында кум, шагыл блокторду жана брусчаткаларды өндүрүү, сатуу;
  • кол өнөрчлүлөр жасаган эмгектерин (элдик көркөм кол өнөрчүлүк) сатуу;
  • мүрзөгө коюлуучу эстеликтерди, постаменттерди, коштоочу элементтерди жасоо, сатуу;
  • сүрөтчүлөрдүн ишмерүүлүгү, анын ичинде сүрөттөрдү жана портреттерди сатуу.

Буга байланыштуу патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек. Ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

  • жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;
  • бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1% түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14937