"11 мугалим жана биринчи класстын 2 окуучусу". Чек арадагы Достук айылында кантип окушат?
RU

"11 мугалим жана биринчи класстын 2 окуучусу". Чек арадагы Достук айылында кантип окушат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен районунун Достук айылында бүт аймактагыдай эле 1-сентябрдан тарта окуу жылы башталат. Баары кадимки мектептердей: парта, доска, көрсөтмө куралдар жана башка.

Бирок азырынча бул мектеп мүдүрдүн үйүндө жайгашкан. Мурдагы имарат 2022-жылдын сентябрында чек ара жаңжалында күйүп кеткен. Жакында балдар жаңы заманбап мектепке көчүп барышат.

"Биздин айылыбыз чакан, былтыркы окуу жылында 42 гана бала мектепке барды", - дейт мектептин мүдүрү, үйдүн ээси Авытали Рабиев.

"2022-жылдагы жаңжалдан кийин көптөгөн үй-бүлөлөр тынч жашоо издеп көчүп кетишкен. Ошондуктан быйыл биздин мектепте болгону 21 окуучу гана окуп жатат. Эки бала 1-класска барды, андан кийин дагы бир үй-бүлө кайтып келди, азыр 1-класста үч окуучу окуйт. Жакында жаңы имаратка көчөбүз, ал жерде стадион болот, ал тургай бассейн да бар".

Авытали Рабиев жана анын кесиптештери кадимки окуу процессин тезирээк калыбына келтирүү үчүн бардыгын жасашты. Алар мүдүрдүн үйүнүн эки бөлмөсүн окуу классы кылып, көрсөтмө куралдарды жасашкан. Өзү үйүнүн калган бөлмөсүндө жашаган. Кызыл-Бел айылында жайгашкан Масалиев атындагы орто мектеп парта, отургучтар менен бөлүшкөн.

Авытали агай өзү да Достук айылында туулуп-өскөн. Мектепти ушул жерден бүтүрүп, андан кийин Ленинградда (азыркы Россиянын Санкт-Петербург шаарында) жана Баткенде билим алгандан кийин туулган айылына информатикадан сабак бергени кайтып келген. Анын беш баласы да ушул мектепти аяктаган.

"Биздин мектепте, биздин айылдын бардык тургундары окушкан. Азыр бул жерде 11 мугалим эмгектенет, баары биздин айылдын тургундары. Мен өзүм информатикадан сабак берем. Дүйнө барган сайын санарипке өтүп баратат. Окуучуларым бул жаңылануулардан артта калбашын каалайт элем", - дейт ал.

Авытали Рабиев мектептин жаңы имаратын сыймыктануу менен көрсөтүп, пландар тууралуу айтып берди.

Ал 2022-жылдагы окуяларды көп эстегиси келбейт. Ал эми суроолорго окуя алар үчүн күтүүсүз болгон деп жооп берет.

"Таңкы саат алтыда Көк-Таш айылында атышуу болуп жатканын, качышыбыз керектигин айтышты. Саат жетиге чейин биздин айылда эч ким калган жок. Мурунку жаңжалда менин үйүм, ичиндеги буюмдар, андагы документтер да күйүп кеткен. Ошондуктан биринчи эле окуучулардын, мугалимдердин жана мектептин документтерин сактап калууну чечтим. Бирок мен бир азын гана алууга жетиштим. Бир сумкага окуучулардын өздүк делолорун жана мектептин документтерин салдым. Экинчи баштыгымды алып чыгып жатканымда октор мектептин ичине атыла баштады, айнектердин сынып жатканын уктум. Мен өзүмдү сактап калууга аргасыз болдум", - дейт Рабиев.

Окуу китептери, журналдар, мугалимдердин өздүк делолору жана башка көптөгөн иш кагаздарын алып калууга үлгүргөн эмес. Баары күйүп кеткен.

Үч күндөн кийин гана Авытали Рабиев мектеп күйүп кеткенин билген. Жалпысынан 2022-жылдын сентябрь айындагы жаңжал учурунда Баткен облусунда 432 турак жай, 285 чарбалык имараттар жана сарайлар, алты мектеп, алты бала бакча, эки саламаттыкты сактоо мекемеси, тогуз административдик имарат талкаланган. Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жыйынында Тажикстан Республикасынын аймагында "мектептер, ооруканалар, сыйынуу жайлары, турак-жайлар, инфраструктура жана коммуналдык кызматтар талкаланганын" билдирген. Бирок тажик бийликтери так сандарды ачыктаган эмес.

Достук айылы Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жеринде жайгашкан. Бул жердеги жаңжал учурунда мектептен тышкары көптөгөн тургундардын үйлөрү күйүп кеткен. Ошол себептүү алар көпкө чейин айылына кайтып келишкен эмес. Азыр өкмөт тургундарга үйлөрдү куруп берсе да алар дагы эле айылга кайтуудан коркушат.

Достукта дээрлик бир жыл эч ким жашаган жок. Бардык жашоочулар башка айылдардагы жана шаарлардагы туугандарыныкында убактылуу жашашты. Балдарды да ошол жерлердеги мектептерге алып барышкан. Бирок Авытали Рабиев окуучуларынын окуу процессинин уюштурулушуна көзөмөл кылууну уланта берген.

"Бир да бала мектепке барбай калган жок. Мен баарын көзөмөлдөп, ата-энелери менен байланыштым. Бизде ар бир класстын ата-энелери менен WhatsApp топтору бар. Бул топтор аркылуу мен баары менен байланышып турдум. Кээ бир ата-энелер балдарынын өздүк делолору боюнча мага кайрылып жатышты. Алардын балдары туруктуу окуу үчүн башка мектептерге жайгаштырылган", - деп белгилейт ал.

Ошол окуялардан кийин айыл эли калыбына толук келе элек.

"Болгон окуя, албетте, балдарга чоң таасирин тийгизди. Окуучулардын стресс болгонун алардын жүрүм-турумунан байкаса болот. Мисалы кээ бир балдар кекечтенип, көпкө токтоп калышат. Менин, мугалимдердин, класс жетекчилердин, социалдык кызматкерлердин иш планыбыз бар. Анын ичинде ушундай абалдагы балдар менен иштөө да камтылган. Биз бардыгы менен иштөөгө аракет кылып жатабыз", - дейт ал.

Авытали Рабиев келечекке оптимизм менен карайт.

"Мектеп курулуп бүтөйүн деп калды. Жаңы эмеректерди алып келип жатышат. Заманбап технология менен курулду. Биздин мектепте эми стадион гана эмес, өзүбүздүн бассейнибиз да болот. Тургундарыбызга үйлөрдү салып бердик. Кудай буюрса чек ара маселелери чечилет. Ошондон кийин кеткен тургундар коркпостон үйлөрүнө кайта алышат", - деди ал.

Рабиев 100 орунга ылайыкталган жаңы имаратта окуучулар жакынкы аралыкта билим ала баштайт деп үмүттөнүп, Достук айылында бул мектепти толтурууга балдар жетиштүү болот деп жатат. Ал эми бул балдар өз өлкөсүнүн акылдуу, ийгиликтүү жарандары болуп чоңоёт деген тилекте каарман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14943