Убактылуу баш калкалоочу жайдагы кыз-келиндердин тагдырлары, ийгиликтүү мисалдары. Видео
RU

Убактылуу баш калкалоочу жайдагы кыз-келиндердин тагдырлары, ийгиликтүү мисалдары. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ленин районундагы "Мээрим борбору" турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдарды бир нече жылдан бери кабыл алып, жардам көрсөтүп келет. Убактылуу баш калкалоочу жайга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан кыз-келиндер да кайрылышат.

Kaktus.kg сайты "Мээрим борборуна" ар кандай себептерден улам барып калган кыз-келиндердин окуялары менен таанышып кайттык. Атын жашыруун калтырган 30 жаштагы келин жакында эле эки баласы менен "Мээрим борборуна" келген.

"Жолдошумдун аракетсиздигинен улам Оштон бул жакка келдим. 9 жаштагы кызым жана 6 айлык балам бар. Өгөй атам менен апамдын ортосунда 4 баласы бар. Атам ичет, азап көрсөтөт. Өзүмдүн атам тогузунчу аялы менен Бишкекте турат, алардын ортосунда да 4 баласы бар. Кайда барарымды билбей, кыйналганымдан улам бул жайга келдим. Экинчи жолу келип жатам.

Башында батирде жашап, ижараны төлөй албай калдым. Анан "Мээрим борборунун" директору менен сүйлөшсөм мартка чейин жашап тур деди. Туугандарым Ошко келбей тур деп жатышат. Бул жактан жакшы карашат, дарыгерлер текшерип турат", - деди ал.

Келиндин айтымында, 9 жаштагы кызынын окуусу үзгүлтүккө учурап калды. Кичинекей баласынын памперсине каражаты да жок.

"Ушул борбордогу бир эже менен сүйлөшүп, баламды карап бериңиз деп жатам. Ал "күнүнө 500 сомдон карап берем, жумуш таба бер" деди. Баламды карап турса, аракет кылып иштейин деп жатам. Кызымды да ушул райондогу мектептердин бирине киргизели деп сүйлөшүп жатышат", - дейт.

"Мээрим борборуна" кайрылуулар байма-бай болот. Учурда баш калкалоочу жайда 25 аял, 16 бала жашайт.

Аталган борбордун өкүлү Уркуя Исманова аялдар кыйынчылыкка кабылса дагы сынып калбай, аракет кылып жатканына кубанып, ийгиликтүү мисалдарды айтып берди.

"Бизге келгенде аз болсо да реаблитациядан өтүп, андан ары өздөрүнүн жолу менен кеткенге аракет кылышат. Мындай аялдар көп. Алар эптеп эле күн өткөрүп кайра кетип калбастан, жашоосун жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылышат.

Аялдардын көбү иштеп, акча табууга аракет кылышат. Бирок убактылуу жумуштарда - идиш жуугуч, тигүүчү болуп иштешет. Балдары кичинекей, эч кимге калтыра албаган аялдар эле иштебейт. Кээде баланы карап туруу боюнча бири-бири менен сүйлөшүп алышат.

Эреже боюнча аялдарды 3 айга чейин кабыл алабыз. Бирок таптакыр бара турган жайы жок аялдар бар. Эгер ал өзүнүн сабырдуулугун, токтоолугун көрсөтсө биз аны 3 айдан көп убакытка чейин алып калабыз.

Биздин борбордо 3-4 жыл жашаган келиндин мисалын айтып берейин. Чындыгында туугандары жок болчу. Күйөөсү ичкиликке берилип, үй-бүлөсүн таштап кеткен. Келин окуганды, жазганды билчү эмес. Кайдыгер эмес адамдар менен биргеликте аны ашпозчунун кесибине окуттук. "Мээрим борборунда" жашап, иштеп жүрдү. Кийинчерээк Москвада аталаш агасы бар экени аныкталып, агасы Москвага алып кеткен

Борборубузда дагы бир аял жашаган. Анын медициналык билим базасы бар эле. Көптөгөн адамдардын аракети менен ал келин медициналык тармак боюнча курстан өтүп, азыр медайым болуп иштейт. Кайсы мекемеде экенин айтпай эле коёюн. Ушундай жакшы жетишкендиктер бар. Ошону менен сыймыктанабыз", - деди Исманова.

Боорукерлик борбору 1996-жылы ачылып, иштеп баштаган. Алгач Ленин району боюнча аз камсыз болгон жарандарга жардам берген. Анда муктаждарга бир маал ысык тамак уюштурулуп, кир жуу, жуунуу, чач тарач, дарыгердин жардамы сыяктуу кызматтар көрсөтүлчү.

"2005-жылы жаңы муундагы өкмөттүк долбоордун алкагында бул жер кароосуз калган балдарга баш калкалоочу жай катары ачылган. Ленин району боюнча социалдык кызмат менен тыгыз иштешип, көчөдө түнөгөн балдарды аныктап, бул жакка алып келчүбүз. Аларга да ысык тамак берилчү. Кышында ар кайсы жакта түнөбөй, ушул борбордо жашасын дечүбүз. Бирок кароосуз калган балдар чоочулап, эмнегедир качып кетишчү. Алар жашоодо бир нерседен корккон адамдар болушат экен

2008-жылдан кийин турмуштук оор кырдаалга кабылган аялдарды кабыл ала баштадык. Үйүндө күйөөсү, атасы же дагы башка жакыны аракечтикке берилип кеткенде же аймактардагы жумушсуздуктан улам иштейм деп келип кыйынчылыктарга кабылгандар көп да. Ошондон бери турмуштук оор кырдаалга кабылган кыз-келиндерди кабыл алабыз. Кайрылгандардын саны күн сайын өзгөрүп турат. Биз 45 адамды кабыл алабыз. Бирок кыш мезгилинде кайрылгандар көп болот. Ал эми жылуу убакта азая түшөт", - дейт борбордун өкүлү.

Уркуя Исманова баш калкалоочу жайга кайрылган аялдардын 80%нын документи жок дейт.

"Анын себептери - ал үйүнөн качып чыккан, дүкөнчүгө күрөөгө калтырган же такси менен келип, акчасы жоктугунан айдоочуга күрөөгө берген. Биз документтерин кайра калыбына келтирүүгө жардам беребиз. Андан тышкары күйөөсү жок, үй-бүлөсүнө айтпай төрөгөндөр бар. Жок дегенде ымыркайдын да документи болсун деп туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып берүүгө жардамдашабыз".

"Мээрим борбору" уктоочу жай, ысык тамактан тышкары медициналык, юридикалык жардамдарды да көрсөтөт. Ооруп калган аялдар же балдар №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан текшерилип, дарыланышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14948