Ден соолукту чыңдоо борборунда акысыз кызматтар үчүн да акча алынып жүргөн
RU

Ден соолукту чыңдоо борборунда акысыз кызматтар үчүн да акча алынып жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борборунун бир катар жетекчилери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланга шектелүүдө. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин жогоруда аталган борборунда мыйзам бузуулар аныкталды. Анда айрым жетекчилер кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, документтерди жасалмалоо жолу менен акысыз көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жарандардан мыйзамсыз акча алып жүргөнү аныкталды. Түшкөн акчалар жеке муктаждыктар үчүн пайдаланылган.

Ошондой эле 2022-жылы негизсиз алынган кирешенин суммасы 1 миллион сомдон ашык экени такталды. Учурда бул уюмдун мурдагы жылдардагы ишмердүүлүгү текшерилип жатат.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15008