Зордук-зомбулук жасаган адамдарга электрондук билериктерди тагуу каралууда
RU

Зордук-зомбулук жасаган адамдарга электрондук билериктерди тагуу каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аялдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Анда төрага бүгүн, 24-ноябрда башталган "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" дүйнөлүк жараянына символикалык старт берди.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаров үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын алдын алуу жана токтотуу маселеси мамлекеттик бийликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийлик тутумдарынын жана социалдык кызматтардын жетекчилерине бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров ошондой эле бул багыттагы учурдагы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды кайра карап чыгуу, аялдарды коргоо жана колдоо боюнча жаңы чараларды киргизүү жана актуалдаштыруу боюнча тапшырмаларды берди.

"Теңдикти жана гендердик саясатты илгерилетүү бул жөн гана тенденция, оозеки сөздөр же эл аралык милдеттенмелерибизди аткаруу эмес. Бул дени сак, адилеттүү жана өнүккөн коомдун пайдубалы. Ошондуктан, биз коопсуз, тынч жана бакубат жашоону түзүү үчүн коомубуздун ар бир мүчөсүн коргоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу саясаты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн көңүл борборунда кала берет", - деп белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Учурда Жогорку Кеңештин кароосуна мындай көрүнүштөрдү болтурбоо чарасынын жаңы түрү – зордук-зомбулук жасаган адамдарга электрондук билериктерди тагуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Электрондук билериктердин жардамы менен алардын жайгашкан жерин жана зордук-зомбулукка кабылган адамдарга жакындаган радиусун байкоого болот.

Мындан тышкары жолугушууда президентинин тапшырмасы менен 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча атайын программа иштелип жатканы айтылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15017