"Альянс Алтындын" жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна которгон каражаты 1 млрд сомдон ашты
RU

"Альянс Алтындын" жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна которгон каражаты 1 млрд сомдон ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан "Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сактоого сатуудан түшкөн каражаттан 2 пайыз" беренеси боюнча жергиликтүү фонддорго которгон каражаттын суммасы 1 миллиард сомдон ашкан. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган берене менен өндүрүш иши башталгандан тартып 2023-жылдын ноябрь айына чейин которулган сумма 1 миллиард 17,2 миллион  сомду түзгөн. Бул каражат Талас облусунда түзүлгөн үч өнүктүрүү фондуна бөлүнгөн.

  • Талас облусун өнүктүрүү фондуна - 508,6 миллион сом
  • Талас районун өнүктүрүү фондуна - 305,1 миллион сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүн өнүктүрүү фондуна - 203,4 миллион

Жогорудагы өнүктүрүү фонддору Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн. Башкаруу ишине "Альянс Алтын" компаниясынын тиешеси жок. Компаниянын алдында негизделген "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду бар. Бүгүнкү күнгө чейин ага которулган каражаттын жалпы суммасы 1 миллард 50 миллион сомду түздү.

Андан тышкары "Альянс Алтын" компаниясы Кыргызстандын бюджетине салык түрүндө 2015- жылдан 2023-жылдын ноябрь айына чейин 14,2 миллиард сом чегерген. Аталган сумманын 4,7 миллиард сому үстүбүздөгү жылдын январь айынан ноябрь айына чейин төлөнгөн. Бюджетке төгүлгөн салыктын жалпы суммасынан 9,8 миллиард сом алтынды сатуудан түшкөн кирешенин эсебинен төлөнгөн.

Бүгүнкү күндө "Альянс Алтын" ЖЧКсында 859 кызматкер эмгектенет. Алардын 836сы – Кыргызстандын жарандары, 23ү– чет элдик адистер. 518 кызматкер Талас облусунун тургундары. Жумушка алынардан мурда компания тарабынан 361 адам тоо-кен тармагы боюнча окутуудан өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын 224ү тандап алуу комиссиясынын жыйынтыгы менен "Альянс Алтын" компаниясына ишке орношкон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15018