Кызамык оорусу барган сайын күчөп баратат. Илдетке 4 миңден ашуун адам чалдыкты
1689
2023-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 4484 учур катталган. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Аймактар боюнча маалымат:
- Бишкек - 1219 учур;
- Ош – 349 учур;
- Ош облусу – 720 учур;
- Баткен облусу – 103 учур;
- Чүй облусу – 658 учур;
- Жалал-Абад облусу – 1208 учур;
- Талас облусу – 96 учур;
- Ысык-Көл облусу – 76 учур;
- Нарын облусу – 55 учур.
"Кызамык оорусу өөрчүшүп кетиши мүмкүн. Ал ошону менен коркунучтуу. Балдарды коргоп, аларды 12 айлык (MMR) жана 6 жашында (КМР ревакцинациясы), ошондой эле кошумча эмдөө дозасын (KCV) тогуз айга чейин алуусун камсыз кылгыла. ҮМБ/ҮДТ/ФАПтарда жети жашка чейинки балдарга бекер", - деп ата-энелерге Республикалык иммунопрофилактика борбору кайрылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15019