Садыр Жапаров Кой-Таштагы жоокерлердин ашканасында тамактанды
2219
Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчы аскер бөлүктүн материалдык-техникалык базасы, анын ичинде аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышты.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров аскердик бөлүктө болгон иш сапарынын алкагында тамак-аштын уюштурулушуна өзгөчө көңүл буруп, тактап айтканда, тамактануу рационунун бардык зарыл нормаларга шайкеш келишине көңүл бурду. Бул жерде Садыр Жапаров солдаттардын тамагынан даамын татты.
slide 2 of 3
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15025