Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин депутаттары эмне иш кылып жатканын айтып берди
RU

Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин депутаттары эмне иш кылып жатканын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары учурда Баткен облусунда. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда өзүнүн Facebook баракчасына парламенттин депутаты Дастан Бекешев жазган.

"Депутаттардын бир бөлүгү Баткен облусунда. Бүгүн дагы 10го чукулу гуманитардык жардам менен жөнөп кетишет. Калгандары бул жерден гуманитардык жана акчалай жардам чогултуп жатышат", - деп Бекешев жазган.

Ал кыргызстандыктарды сабырдуулукка үндөдү.

Бизди согуш баштоого түртүп жатышат. Бирок сабырдуу болуш керек. Лейлекте кырдаал канчалык татаал экенин түшүнүп турабыз. Бирок, согуш баштоо - демек, көп кан төгүү. Согушта эч ким жеңүүчү болбойт.

Өзүмө деле сабырдуулукка чакыруу оор болууда. Эмоцияларым ташкындап жатат. Биз жерибизди бербейбиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1502